ӨКМ: Резервдер фондунан 1000 тонна кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы сатыкка чыкты

Кыргызстандын Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун капмалары толукталып, азык-түлүк коопсуздугу сакталууда. Бул тууралуу 15-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Министр кыргызстандыктар негизсиз дүрбөлөңгө түшүп жатканын белгилеп, кампаларда кумшекер, ун, өсүмдүк майы жана күйүүчү май жетиштүү көлөмдө бар деп ишендирди.

«30 жылдан бери уурдалып, тонолуп, талкаланылып келген Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампалары толукталып, азык-түлүк коопсуздугун жана жетиштүүлүгүн сакталып турат», — деди ал.

Ажикеев президенттин тапшырмасы менен 1000 тонна кумшекер өлкөдөгү соода түйүндөрүнө таратылып, килограммы 70 сомдон сатылып жатканын билдирди. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып, бир литри 130 сомдон сатыларын белгиледи.

Министр Орусия дан өсүмдүктөрүн эспорттоого тыюу салганына карбай, дыйкандарга Орусиядан арпа, буудай, сафлор жана семичкенин үрөнү келип жатканын кошумчалады.

Акыркы жумада Бишкек шаарында жана аймактарда ун, кумшекер жана өсүмдүк майына болгон суроо-талап көбөйүп, баасы да жогорулаган. Мындан улам, айрым соода борборлору аталган азыктарды көп өлчөмдө сатып алууга чектөө киргизген.

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Орусиянын экономика жана өнүктүрүү министрлиги ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салган. Министрликтин маалыматына ылайык, чектөө 2022-жылдын 31-августуна чейин киргизилген.

Ал эми 12-мартта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Орусиянын ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудай жана кумшекер экспортоого тыюу салганы Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпасын билдирген.

Жаныбеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында кумшекер менен өсүмдүк май жетиштүү көлөмдө сакталуу экенин белгилеген. Ал Орусия экспортко тыюу салганына карабай, Кыргызстан ал өлкөдөн буудай импорттогонду улантаарын кошумчалаган.

Тема боюнча:

Айыл чарба министри: Азык-түлүк коопсуздугу боюнча тынчсызданууга негиз жок