Кыргызстандык спортчу «сүйлөшүлгөн беттешке» айыпталып, 16 жылга теннистен четтетилди

Теннистеги акыйкаттуулук боюнча эл аралык агенттиги (ITIA) 32 жаштагы кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина теннистеги антикоррупциялык программанын эрежелерин бузганын моюндаганын билдирди.

Бул үчүн спортчу 16 жылга теннистен четтетилди (анын 6 жылын кыскартышты). Ошондой эле спортчуга 100 000 доллар айып пул салынды (анын 87 500 доллары — кыскартылды.

Палкина 2018-2019-жылдары өткөн беттештердеги сүйлөшүүлөргө тиешеси бар экенин моюнга алгандан кийин коррупцияга каршы судья Ричард Макларен ушундай чечимди чыгарды.

Эми Палкина профессионалдуу беттештерге катышууга эле эмес, теннис боюнча эл аралык уюм же улуттук ассоциация уюштурган спорттук иш-чараларга да катыша албайт.

Палкина теннистеги карьерасын 2029-жылы, Антикоррупциялык программанын эрежелерин бузбоо шарты менен гана уланта алат. Ал WTA рейтингинде жеке оюнчулардын тизмесинде 163-орунда болчу.

«Сүйлөшүлгөн беттешке» айыптоо

2019-жылы франциялык Le Monde басылмасы кыргызстандык жана өзбекстандык теннисчилер беттеште сүйлөшүп алууга шектелип кармалганын жазган. Алардын бири — кыргызстандык Ксения Палкина экени айтылган. Анда спортчулар алдын ала сүйлөшүп алышып, өзбекстандык спортчу атайылап утулуп берген деп шектелген.

Ушундай эле маалыматты L’Equipe ири спорттук басылмасы да тараткан. Алардын маалыматына ылайык, спортчулар Франциядагы турнирдик беттештерде сүйлөшүп алуу боюнча ири иликтөөнүн жүрүшүндө кармалышкан.

Ксения Палкина журналисттерге өзбекстандык спортчуну документтери менен болгон маселе боюнча Клермон-Ферране шаарында өтүп жаткан беттеш учурунда кармашканын айтып берген. Ал эми өзүн суракка алуу үчүн 24 саат кармашканын билдирген.