Бишкек мэриясы мектеп окуучулары сабалган окуяларга байланыштуу жумушчу топ түздү

Бишкек мэриясы жумушчу топ түздү. Ал акыркы убакта мектептерде окуучулар сабалган окуяларды жана алардын себептерин иликтейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кол салуу болгон «билим берүү уюмдарынын» кызматкерлерине сөгүш жарыяланып, административдик эскертүүлөр берилген.

Мындын тышкары, мектеп директорлору менен жыйналыштар өткөрүлүп, ага тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана ШИИББдин өкүлдөрү да катышкан.

«Урматтуу ата-энелер! Окуудан кийинки бош убакытта балдарга өзгөчө көңүл буруп, кайда жүргөнүн көзөмөлгө алууну өтүнөбүз», — деп билдиришти мэриядан.

Мектеп окуучуларын сабоого байланышкан акыркы резонанстуу окуялар мектептин аймагында же ага жакын жерлерде катталган. Бул окуяларда балдары сабактан кийин үйгө келбегенин же алардын абалы начар экенин тек гана ата-энелер байкашкан.

Алсак, 27-апрелде 3-класста окуган кыздын апасы кызын таппай милицияга кайрылган. Кыз №58 мектептин артынан сабалган абалда табылган, окуучу ал жерде жаан-чачында эки сааттан ашык жаткан.

Окуучу кызды сабоого шектелип 8-класстын окуучусу кармалган.

«Ал менин кызымды кантип, эмне кылышты алдын ала пландаган. Кийин издерди жашырып, кызым алган жаракаттарынан “өлүп калды” деп ойлоп жайбаракат үйүнө эс алганы кеткен. Ал суракта ушинтип айтыптыр», — деп билдирген жабыркаган кыздын апасы.

Шектүүгө «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, жабырлануучу ооруканада дарыланып жатат.

Бул окуяга чейин дагы 11 жаштагы окуучу кыз катышкан эки мушташ болгон. Биринчисинде токойдо башка бир кыз менен, андан кийин мектептин ажатканасында дагы бир кыз менен мушташкан. Ал эми кыздын апасына эки ирет айып салынган.

Кыздын өзү алты айлык профилактикалык каттоого алынып, эки аптага аралыктан окууга өткөрүлгөн, ошондой эле кыздын үй-бүлөсү менен иш алып баруунун жеке программасы иштелип чыккан.

Тема боюнча: Бишкекте 8-класстагы окуучу бала 3-класста окуган кызды сабады, жабырлануучунун абалы оор