Ат-Башы: Мамкызматкерлер акимчилик концертке билет алууга мажбурлап жатканын айтып чыгышты

Нарындын Ат-Башы районунда райадминистрация облустук драма театрдын Бишкекте 9-майда өтө турчу отчёттук концертине билет алууга мажбурлап жатат деген мамкызматкерлер «Клоопко» кайрылды. Ал эми Ат-Башы районунун акиминин экинчи орун басары Жылдыз Жанталиева бул маалыматты четке какты.

Эмне болду?

Жетекчиликтин басымына кабылуудан кооптонгон мамкызматкерлер анонимдүү маалымат берүүгө макул болушту. Алардын айтымында, райондук мекемелерде иштегендерди Нарын облустук драма театрынын борбор калаада өтө турган концертине 500 сомго, ошондой эле Ат-Башы районунда Жеңиштин 77 жылдыгына карата көрсөтүлүүчү тасмага 100 сомго билет алууга мажбурлап жатышат.

«Биз билет алсак Бишкекке барып, концерт көрүш үчүн эле 4000 сомдун тегерегинде акча кетет экен. Акимчилик өз ишин кылбай билет саткыч болуп калганбы?» — дейт маалымат бергендердин бири.

Ал эми дагы бир кызматкер алар иштеген жерге 12 билет — киного 10, концертке эки билет бөлүнгөнүн айтып, кесиптештери болуп билеттин акчасын чогултуп жатышканын билдирди.

«Райондук администрациядан “концертке кирбесеңер дагы билеттердин акчасын чогултуп, чыгарып бергиле” дешти. Биз буга нааразыбыз. Азыр деле алгыла деп жатат», — дейт ал.

Райадминистрация эмне дейт?

Ат-Башы районунун акиминин экинчи орун басары Жылдыз Жанталиевага кайрылганыбызда, мамлекеттик кызматкерлер билдирген маалыматты четке какты. Ал кайрылгандар «жалган айтып жатат» деп эсептейт.

Жанталиева билеттер сатылып жатканы тууралуу райондун мамлекеттик кызматкерлерине жарнама катары маалымат берилгенин белгилеп, алар «туура эмес түшүнүп алган» деп билдирди.

«Биз эркин мамлекетте жашайбыз. Биз тараптан андай кыйноо, мажбурлоо болгон эмес. Болгону алар рекламаны туура эмес түшүнүп алышыптыр. Биз Бишкекте туугандарыңар болсо айтып койгула деп гана айтканбыз», — деди Жанталиева.