Бишкекте «милиция кызматкеримин» деп тургундан акча опузалаган киши кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы Бишкекте өзүн «милиция кызматкеримин» деп тааныштырып, тургундан акча опузалаган киши кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, «жалган милиционер» камакка аларын айтып коркутуп 150 миң сом талап кылып, алгачкы 130 миң сом каражатты алган.

Ал эми 2-майда ИИМ жана Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан «Чыгыш 5» кичирайонунда дагы 15 миң сом алып жаткан жеринде колго түшкөн.

Учурда ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Өткөн жылдын июнь айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ат-Башыда өзүн «УКМКнын кызматкеримин» деп тааныштырып, райондук администрациянын жетекчилигинен 100 доллар пара алган кишини кармаган.

Анда шектүү Ат-Башы райондук администрациясына барып текшерүү жүргүзгөн. Анын натыйжасында түзүлгөн актыны «оң тарапка чечип берүү» үчүн акча талап кылган.