Ат-Башыда өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, пара алган киши кармалды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ат-Башыда өзүн «УКМКнын кызматкеримин» деп тааныштырып, райондук администрациянын жетекчилигинен 100 доллар пара алган кишини кармады. Бул тууралуу «Клоопко» мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Кырыдалиева билдирди.

Шектүү Ат-Башы райондук администрациясына барып текшерүү жүргүзгөн. Анын натыйжасында түзүлгөн актыны «оң тарапка чечип берүү» үчүн акча талап кылган.

Кармалган киши Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кыдыралиева учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 1,2 миллион доллар опузалаган шылуундар колго тушкөнүн кабарлаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, кармалган адамдар президент Садыр Жапаровдун агасы менен байланышы бар экенин айтып, анын атын жамынышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин атын жамынып млн доллардан ашык акча опузалагандар кармалды — УКМК

УКМК президенттин аппаратынын маалымат кызматынын башчысын кармады