Factchek.kg: Жапаровдун Айт намазга кийген күрмөсү 1000 евро турган италия бренди болушу мүмкүн

Президент Садыр Жапаров 2-майда эски аянттагы Айт намазга катышты. Анда өлкө башчысынын намазга кийип барган жаңы күрмө коомчулуктун көңүлүн бурду. Буга чейин ал бул күрмөсүн эч жакка кийип барган эмес эле.

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров 2-майда Айт намазда. Сүрөт: Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы.

Factchek.kg басылмасынын маалыматына ылайык, президенттин жонундагы күрмө италиялык Paul&Shark брендине таандык болушу мүмкүн. Мындай күрмөнүн баасы бренддин расмий сайтында 1 014 евро же 87 600 сом деп көрсөтүлгөн.

PAUL&SHARK сайтынан скриншот.

Сайттагы маалыматка ылайык, күрмө шырылган замш жана меринос породасындагы койдун жүнүнөн жасалган.

Президенттин кийими

Садыр Жапаровдун кийимдери буга чейин дагы талкууга жем чачкан.

2020-жылдын октябрында соцтүйүндөрдүн колдонуучулары Жапаров баасы 3 миң доллар болгон Kiton бренддик кемселин (чыптамасын) кийип жүргөнүн байкашкан. Ал убакта Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан.

Социалдык тармактагы сүрөт.

Ошол эле жылдын ноябрь айында «Регион ТВнын» журналисти Жапаровдон кийимдеринин баасы тууралуу сураган. Анда Жапаров костюмдарды жубайы Айгүл сатып аларын, айрым достору жана туугандары өлкө башчыга кийим-кече белеке берип турарын айтып жооп берген.

Жапаровдун кийимдери 2021-жылдын жайында дагы талкууга алынган. Анда соцтүйүндөрдүн колдонуучулары Жапаров ошол эле италиялык Stefano Ricci брендине таандык спорттук кийимин кийип жүргөнүн байкашкан. Жапаров бул костюму менен Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышкан.

Сүрөт: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали.

Анда соцтармак колдонуучулары бренддин расмий сайтында Жапаровдун кийими 10 450доллар: спорттук шымы — 5 600 доллар, ал эми бомбери — 4 850 доллар тураарын айтышкан.

Stefano Ricci сайтынан скриншот.

Андан тышкары, 1-январда президент жубайы Айгүл Жапарова менен Каракол тоо-лыжа базасына барган. Маалымат каражаттары менен соцтүйүндөрдүн колдонуучулары анда да президенттин жана биринчи айымдын лыжа үчүн кийген формаларына көңүл бурушкан.

Жапаров жубайы менен тоо-лыжа базасында. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, президент Lynn’дун ак лыжа костюмун кийип жүргөн. Toni Sailer’дин расмий сайтында мындай костюмдун баасы 1 099 евро турат. Ал эми биринчи айымдын жонунда баасы 1 099дан 1 500 еврого чейин болгон Elin Light Fog сериясындагы куртка болгон.

Кийинки айда өлкө башчысынын сырткы кийими кайрадан көзгө урунган. Анда президент борбор калаадагы базарларды кыдырып, соодагерлерге көзөмөл-кассалык машинанын пайдалуу жактарын түшүндүрүп жүргөн.

Садыр Жапаров Ош базарында. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Анда соцтармактын колдонуучулары президент Бээжинге да, базарга да бирдей куртканы кийип барганын байкашкан. Ал эми куртка Stefano Ricci италиялык эркектер кийиминин элиталык брендине таандык экенин аныкташкан — бренддин расмий сайтында кундуз жакалуу куртканын баасы 5900 доллар экени айтылат.

Интернет колдонуучулары Жапаровдун кымбат баалуу кийимдеринен тышкары башка дагы буюмдарына көңүл бурушат. Дээрлик бардык иш-чараларга президент дүйнөгө таанымал Apple брендинин iPad планшетин алып жүрөт.

Apple’дын сайтындагы маалыматтарга таянсак, мындай планшеттин баасы түзүлүшү жана чыгарылган жылына жараша 799 доллардан 1000 долларга чейин жетет. Планшет менен бирге Жапаров баасы 299 долларлык Apple’дын атайын баскычтарын (клавиатура) колдонот.

Президенттин үнөөмдөөгө чакыруусу

Бишкекте 4-апрелде президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйыны өтүп, анда ал өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан улам кыргызстандыктарды той-топурду азайтууга, каражатты ысырап кылбоого, анын ичинде кымбат буюм сатып алууну токтото турууга үндөгөн.

«Мекендештериме, жалпы эле кыргызстандыктарга ачык айтып, кайрылып кетейин, ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек. Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюм сатып алууну кийинкиге жылдырып, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам. [...] Айдоо жерлерибиздин бир метр жерин да кысыр калтырбайлы! Жаздын ар бир күнүн жер менен иштөөгө жумшооңуздарды өтүнөм. Жаздын бир күнү — жылга тете!» — деген ал.

Ошол эле учурда Жапаров «ар бир жаранды социалдык жактан камсыз кылуу үчүн мамлекет күчүн аябайт» деп убада кылган.