Тонналап төгүлгөн сүт. Төрөбаев фермерлер жана сүт продукциясын өндүрүүчүлөр менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери жана сүт продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапатын баалоо боюнча бирдиктүү стандарттар жок, бул көп учурда талаш-тартыштарды жаратат.

Жолугушууга, сыягы, депутаттыкка мурдагы талапкер Элнура Алканова дагы катышкан. Ал Фейсбук барагында фермерлер да, сүт заводдорунун өкүлдөрү да Кыргызстанда сүттүн сапаты төмөн экенин моюнга алышканын жазган.

Алканова тараптардын ортосундагы талашка токтолуп, заводдордун өкүлдөрү фермерлер сүттүн майлуулугун жогорулатуу үчүн азыкка өсүмдүк майын кошуп жатканын билдиришкенин жазган. Бирок фермерлер бул маалыматты четке кагып, аны сүттү кайра иштетүүчүлөр өздөрү кылат деп белгилешти.

Мындан тышкары, фермерлер заводдор продукциянын баасын түшүрүү үчүн сүттүн майлуулук көрсөткүчүн дайыма төмөндөтүшөрүн айтышат.

Ал арада Kaktus.media басылмасы «Үмүт жана Ко» компаниясынын өкүлүнүн билдирүүсүн жарыялады. Компаниянын өкүлү «Үмүт жана Ко» жана «Ак сүт» сүттү баасын түшүрбөй эле чоң көлөмдө кабыл алып жатканын айтып берген.

Ошондой эле ал завод кабыл албай койгон сүт талапка ылайык болбогонун да белгиледи.

«Эгер сүт талапка ылайык болгондо сүтчүлөр аны өздөрү деле кайра иштетип, дагы бир жакка пайдаланышмак. А бул сүт начар, химикат, кошулмалары бар — акиташ, суу жана майлар. Алар мунун баарын сүт майлуу болуп, ирибей көпкө турушу үчүн кошушат. Анан сүттү өзүбүздүн лабораториядан текшере келгенде баары чыгып калат, ошондуктан ала албайбыз», — деди ал товардын сапаты мамлекеттик стандартка шайкеш келиши керектигин кошумчалап.

Минкабдын басма сөз кызматынан тегерек столдун жыйынтыгында тараптардын ортосундагы ишти жөнгө сала турган эки жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынганын кошумчалашты.

Дайрага төгүлгөн тонналаган сүт

Буга чейин депутаттыкка мурдагы талапкер Элнура Алканова төрт видео жарыялап, «Үмүт жана Ко», «Ак-сүт» жана «Кант сүт» компаниялары сүт алуудан баш тартып жаткандыктан Чүй облусунда фермерлер сүттөрүн дарыяга төгүүгө аргасыз экенин билдирген. Алканова заводдор ушундай жол менен товардын баасын түшүрүп жатышы ыктымал деп болжогон.

Алканова жарыялаган видеого министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев реакция кылган. Ал маалыматты текшерүү үчүн «Үмүт жана Ко» жана «Ак сүт» компанияларына барганын билдирген.

Ал бир нече видео жарыялаган, анын биринде компаниялардын биринин кызматкери делген киши интернетке тараган видеолор былтыркы экенин айткан. Дагы башка видеодо кароолчу учурда завод (кайсыл завод экени белгисиз) сүттү кабыл алып жатканын айткан.

Видеолор 2021-жылы тартылганын Айыл чарба министрлиги да билдирген.

Бирок милиция Чүй облусундагы дайралардын бирине тонналап сүт төккөн кишини таап, тасма быйыл тартылганын билдирген.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 30-апрелде жеке менчик компаниялардын бири сүт тарткычтын айдоочусу Сокулук районунун Жаңы Жер жана Жогорку-Чүй айылдарынан чогултуп келген 8,5 тонна сүттү кабыл албай койгон.

Сүт тийиштүү талапка ылайык келбей калган. Ал эми айдоочу сүттү 1-майда Жаңы-Жер айылындагы дайрага төгүп, төгүп жаткан учурду видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.