Тажикстан тарапка Ооганстандан ракеталык сокку урулганы айтылды

7-майда Тажикстанга Ооганстан тараптан жети жолу реактивдүү снаряд атылды. Маалыматты Sputnik басылмасына Тажикстандын Чек ара кызматы тастыктады.

Коңшу өлкөнүн Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, окуя Хатлон облусунун Фархор районунда болгон. Төрт снаряд Амударяга, ал эми үчөө жакын жердеги токтойго түшкөн. Маалымат булагы жергиликтүү тургундардын жана аскер кызматкерлеринин арасында жабыркагандар жок экенин билдирген.

Чек ара кызматынан «тынчсызданууга негиз жок» экенин билдиришти.

«Чек арачылар ооганстандык террорчулар отурган унааны көрүшкөн. Автоунаа күйүп кеткен, кылмышкерлердин үчөө жарадар болгон, бирөөнүн жарааты оор», — деп белгилеген маалымат булагы.

Ракеталык сокку үчүн «Ислам мамлекетинин» аскерлери жоопкерчилик алган. Алардын билдирүүсүн экстремисттик жана террористтик топтор тууралуу маалымат чогултуп, алардын билдирүүлөрүн жарыялаган SITE Intelligence Group (Search for International Terrorist Entities) айтып чыкты.

«Талибдер» менен ИГИЛдин чек арадагы кагылышуусу

Тажикстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматында 7-майда мамлекеттик чек арага жакын жерде«Талибдер» менен ИГИЛ күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болгон. Алардын айтымында, натыйжада «октор Тажикстандын аймагына кокусунан тийип калган». Чек ара кызматынын маалыматына караганда адам өмүрү кыйылган эмес.

Бирок эмне болгон ок жөнүндө сөз болуп жатканы ачыкталган эмес. Ошол эле маалда, Ооганстан тараптан Тажикстандын аймагына реактивдүү снаряддар менен сокку урулганы тууралуу маалымат тараган.

«Ислам мамлекети»

«Ислам мамлекети» — 2006-жылы 11 аскерий радикал топтордун «Аль-Каиданын» Ирактагы бутагы менен биригүүсүнөн пайда болгон экстремисттик уюм.

«Ислам мамлекети» 2013-жылы Сириядагы жарандык согуштун катышуучусу болгон. Террористтер Башар Асаддын өкмөтүнө каршы активдүү согуштук аракеттерди баштаган.

2014-жылы ИГИЛ согушкерлери Ирактын түндүгүндө жана Сириянын чыгышында активдүү согуштук аракеттерди баштаган. Бир жылдан кийин террористтер Ливияга кирип барышкан.

«Ислам мамлекети» тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдади 2014-жылдын жайында өзүн «халиф» деп жарыялаган. Ал ИГИЛдин башкы максаты — Лиссабондон Владивостокко чейинки аймакка халифат орнотуу деп билдирген.

Ошол эле жылы АКШнын жетекчилиги астындагы эл аралык коалиция «Ислам мамлекетине» каршы аракеттерди баштаган. 2015-жылы Сирияда ИГИЛге каршы Орусиянын атайын операциясы башталган.

«Ислам мамлекети» акыркы 10 жылдын ичинде дүйнө жүзү боюнча бир катар ири терракттарды уюштурган. «Ислам мамлекети» жоопкерчиликти мойнуна алган эң ири террактардын катарында Синай жарым аралында орусиялык жүргүнчү ташуучу учактын кыйрашы, Париж жана Брюселдеги терракттар жана Лондондогу террактчылардын бир-бирден жасаган башка көптөгөн чабуулдары бар.