Бишкек: Кафеде чет элдик студенттерди сабап кеткен белгисиз үч адам изделип жатат

7-майда белгисиз үч адам чет элдик студенттерди сабаган. Кол салуунун видеосу жергиликтүү басылмаларга жарыяланган. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат.

Жабыркагандар «Кактуска» маек куруп, окуя түнкү саат 23:00 чамасында Salaam namaste ресторанында болгонун айтып беришкен.

«Белгисиз үч киши аларга ресторандын кире беришинде турганда асыла башташган. Кайым айтыш чыгып, алардын бири муштумун көтөрүп, студентке кол салган. Студенттер ресторанга кирип кеткенде кол салгандар артынан киришкен. Ал эми ресторандын ичинен алар алдынан чыккандын баарын сабай башташкан», — деп жазат басылма.

Абайлаңыз! Кадрда уруп сабоонун учурлары бар.

Бишкектин Ленин РИИБне 8-майда болжолдуу түнкү саат 2 чамасында 2000-жылы туулган Индиянын С.К. аттуу жараны денесинен жаракат алып Улуттук госпиталга түшкөнү боюнча билдирүү келген.

Милиция кызматкерлери жерине барып, белгисиз үч адам индиялык С.К аттуу жаранга достору менен ресторанда отурганда «эч себеби жок денесине зыян келтиришкени» тууралуу алгачкы маалыматтарды алышкан.

Факт боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, милиция шектүүлөрдү кармоо үчүн алардын жүргөн жерин аныктап жатат.

Чет өлкөлүк студенттер бул окуяга көңүл бурууну суранып өлкө бийлигине кайрылышкан. Алардын айтымында, буга чейин дагы белгисиз адамдардын тобу чет өлкөлүктөргө кол салган.

Мурдараак өлкөдө чет элдиктердин коопсуздугу минкабдын деңгээлинде дагы талкууланган. Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов укук коргоо органдарына чет элдик студенттердин өлкөдөгү коопсуздугу боюнча маселени күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну тапшырган.

Минкабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 30 миңден ашуун чет өлкөлүк бар, алардын ичинен 13 миңден ашыгы Индиядан, 9 миңден ашыгы Пакистандан келген.