Энергетикалык тармактын «көмүскө кардиналы» атыккан Алексей Ширшов кармалды

«Дастан» Транс улуттук корпорациясы башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу 10-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Ширшов Ысык-Көл облусундагы «Аврора Плюс» эс алуу борборунун аймагындагы кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин ээлигинен мыйзамсыз чыгаруу фактысы боюнча кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында камакка алынды.

Алексей Ширшов. Сүрөт: AKIpress.

«[...] бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталып, Ысык-Көл райондук жана областтык сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле Президенттин аппаратынын, мамлекеттик Мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарын тартуу менен татаал коррупциялык схеманы түзүшкөн, натыйжада 56 кымбат баалуу батирлер жана 27 коттедж жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен», — деп билдирди УКМК.

Коопсуздук комитети Ширшовду аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун «негизги уюштуруучуларынын бири» деп аташты.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «бул топ өздөрүнүн кылмыш аракеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынынын камкордугун алуу максатында аларга акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде “Аврора плюс” эс алуу борборунан беришкен».

Ширшов УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, анын баш коргоо чарасын сот карайт.

«Бул иш боюнча тергөө иштери уланып, анын алкагында башка айыпталуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт», — деп кошумчалашты УКМКдан.

Энергетикалык тармактын «көмүскө кардиналы»

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү.

Ширшов электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана тендерлерди «өз кишилерине» уттуруу сыяктуу энергетикалык тармактагы коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күнгө чейин дагы иштеп жатканы айтылып келет.

Ширшов 2007-жылга чейин «Түндүкэлектрдин» жана «Электр станцияларынын» каржылык директору, андан соң 2007-жылдан 2010-жылга чейин «Дастан» ТУК ААКнын башкармалыгынын төрагасы болгон.

Ширшов Максим Бакиевдин эң жакын досторунун бири деп саналган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген.

Дагы окуңуз: MediaHub энергетика тармагындагы ири коррупция тууралуу иликтөө жарыялады