Кыргыз сомуна бүгүн 29 жыл толду

Кыргызстанда 10-май расмий Улуттук валюта жана Банк кызматкеринин күнү катары белгиленет.

Кыргыз сомуна быйыл 29 жыл толду. Дал ушул күнү, 1993-жылы, Улуттук банк биринчи улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизген. Бирок жүгүртүүгө кыргыз сомун киргизүү тууралуу токтомдун өзү Кыргызстандын Жогорку совети тарабынан 1993-жылы 3-майда кабыл алынган.

10-майдан тартып Улуттук банк жүгүртүүгө 1, 5 жана 20 сом номиналындагы банкнотторду, ошондой эле 1, 10 жана 50 номиналындагы алмаштыруу тыйындарын киргизген. Бүгүнкү күндө сомдун 1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы тыйындары, мындан тышкары, 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000 жана 5000 сом  номиналындагы банкноттору бар.

Бирок кыргызстандыктар 1993-жылдын 14-майына чейин бир эле учурда рублду дагы колдоно алышчу. Ал эми 14-май саат 18:00дөн тартып Кыргызстандын аймагында жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты катары сом гана калтырылган.

Кыргызстан — мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп жүгүртүүгө өз валютасын киргизген мамлекеттердин бири.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук банк: Сомдун расмий графикалык символу пайда болду

Кыргыз сому кантип жаралган?