Азимбек Бекназаров. Сүрөт: Бакыт Төрөгелди уулу / «Азаттык».

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров президенттин «Дастан трансулуттук корпорациясынын» мурдагы төрагасы Алексей Ширшов тууралуу билдирүүсүнө жана 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата айткан сындарына кенен комментарий берди.

Бекназаров Убактылуу өкмөттүн тушунда прокуратура органдары менен финполицияны жетектеген.

Ширшовго козголгон кылмыш иштери тууралуу

Бекназаров президенттин Алексей Ширшовго 2010-жылы кылмыш иши козголгон эмес жана издөө жарыяланган эмес деген сөзүн төгүндөдү.

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү. Ширшов электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана энергетика тармагындагы тендерлерди «өз кишилери» утуп чыккан коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күндө да иштеп жатканы айтылып келет.

УКМК Ширшовду 2022-жылдын 10-майында коррупцияга шектеп кармаган, бирок сот атайын кызматтын тергөө бөлүмүнүн өтүнүчү менен, ошол эле күнү кайра үй камагына чыгарган.

Алексей Ширшов. Коллаж «Азаттык».

Бекназаровдун пикиринде, Жапаровго Ширшовго эч кандай кылмыш иши козголбогонун айтып «айланасындагылар катуу жаңылыштыкка алып келип жатат».

«Аны туура эмес нерселерди, чындыкка дал келбеген нерселерди айттырууга түрткөн. Бул таптакыр чындыкка дал келбейт. Менин толук эсимде жок, бирок Ширшовго каршы жок эле дегенде төрт-беш кылмыш иши козголгон жана ошол иштерге байланыштуу эл аралык издөөдө — Интерполдо издөөдө жүргөн. "Убактылуу өкмөт, Башкы прокуратура иш козгогон эмес деп айтты" дегенге мен ишенбейм. Ага карата бир ишти Башкы прокуратура, дагы бир ишти Коопсуздук кызматы жана Финполиция да козгогон болушу керек эле», — деди ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Бекназаровдун айтымында, 2010-жылы тергөө иштеринин башында ал өзү турган. Ал ар 10 күн сайын кылмыш иштердин жүрүшү, издөөдө жүргөн жана сырттан соттолгондор тууралуу коомчулукка маалымат берип турганын дагы эстеди.

«Муну жалпы кыргыз эли билет, чындыкты жашыра албайбыз. Биздин президентибизди кимдир бирөө атайын, мүмкүн жек көрсөтүш үчүн "андай иштер жок" деп айтып, аны катуу жаңылыштырып жатат. Андай иштер бар, жок деген сөздөр чындыкка дал келбейт», — деп белгиледи Бекназаров.

Ал Ширшовго байланыштуу кылмыш иштер Башкы прокуратурада жана Интерполдун эл аралык бюросунда болушу керек деп эсептейт. Анткени ага ушул багыт боюнча эл аралык издөө жарыяланган.

«Анын [Ширшовдун] издөөдө жүргөнүн элдин баары эле билет да. Биздин президентти ким ушундай жаңылышууга алып келгени мага табышмак болуп жатат. Президент муну териштирип, аны ким жаңылыштырып жатса, тийиштүү чарасын берет деп ишенем. Анткени ал чындыкка дал келбеген нерсе», — деди элчи.

Буга чейин Kaktus.media басылмасынын журналисттери Ширшов 2015-жылы эле «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, ошол эле жосундар, оор кесепеттерге, ага тете коммерциялык же башка уюмдун менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келсе» беренеси менен күнөөлү деп табылганын аныкташкан. Ал үч жылга жатак абагына кесилген. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту Ширшовго дагы 10 миң сом айып салган, ал эми 2021-жылы бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Мындан тышкары, басылма Бишкектин Октябрь райондук сотунда 2015-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта Ширшов, Максим Бакиев, Алексей Елисеев жана башкаларга козголгон кылмыш иштери бар экенин жазды. Алар «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренесинин эки пункту боюнча айыпталышкан. act.sot.kg сайтына таянсак, иш дагы деле каралып жатат, ал эми бул иш боюнча акыркы соттук отурум 2015-жылдын 30-апрелинде болгон.

«Бирок бардык сот өкүмү жарыяланышы керек болгон act.sot.kg сайтында бул адамдар тууралуу эч кандай маалымат жок, башкача айтканда сот өкүмү жок», — деп белгилейт Kaktus.media.

Максим Бакиевдин миллиондору тууралуу

Курманбек Бакиев президент болуп турганда уулу Максим Бакиев өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири болгон. Президенттин уулу өлкөдөгү бардык бизнести өзүнүн колуна чогултуп алууга айыпталган.

Садыр Жапаровдун айтымында Ширшов Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн мурдагы үзөңгүлөшү Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен 200 млн долларды кайтарууга жардам бермекчи.

Бекназаровдун айтымында, Убактылуу өкмөт Кыргызстандын мурдагы президенттери Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын, Аскар Акаев жана анын жакындарынын каткан акчасын издеп, чет өлкөлөрдөгү болгон банктарга, укук коргоо органдарына кат жөнөткөн.

«Мисалы, Акаевдердин акчасын табалы деп эл аралык адвокат жалдап дагы иш кылганбыз. Максим боюнча деле ошондой иштер жүргөн. Бирок биз аз эле иштедик да, 2010-жылдын декабрына чейин отурдук. Парламенттик шайлоодо беш партия келди, ошондо биз өзүбүздү таратып кетип калганбыз. Биз ошондо суроо-талаптарыбызга жоопторду толук алып бүтө электе эле кеткенбиз. Ал жоопторду кийинки бийликтегилер билсе керек. Ал маалыматтардын баары Башкы прокуратурада деле болсо керек. Мисалы, менин эсимде бар, АКШдан ошондой жооптор келген, ыңкылап болгондон кийин чыгарылып кеткен акча тууралуу маалыматтар келген. Кээ бир акчанын агымын токтотуп калганбыз, чыгарылып кеткен акча да болгон», — деп айтып берди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн экс-мүчөсү.

Убактылуу өкмөткө карата айыптоолор боюнча

Ширшов тууралуу сөз кылып жатып, Жапаров «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Ширшов 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсыл мүчөлөрү Максим Бакиевдин [тактан кулатылган президенттин уулу] мүлктөрүнө ээлик кылып алганын, анын ичинде мамлекетке өткөрүп бербестен «Аврора плюс» пансионатына ким ээлик кылып алганын айтып бергенин билдирген. Президент кеп 69 кымбат баалуу батир жана 27 коттеж тууралуу болуп жатканын айткан. Жапаровдун айтымында бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң долларды чапчыйт.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Сүрөт: AKIpress.

Бекназаров буга жооп берип, Убактылуу өкмөт отставкага кетип жатканда бул объекттер мамлекеттин менчиги болуп турганын айтты.

«Биз кетип жатканда бийликти ошол эле "Ата Журт" партиясына берип кеттик да. Бийликке ошолор келди, ошолор өкмөттү, судьяларды шайлашты. Ошолор биз улутташтырган объектилерди карашты да. Эгер кайсы бир Убактылуу өкмөттүн мүчөсү кайсы бир объектини алса аны жашырбай эле ачык айтышсын да. Аны алып келип камап коюш керек», — деди ал.

Бекназаров Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да эгер аларды айыптоону уланта турган болушса билдирүү жасап, өздөрүн коргой турганын кошумчалады.

«Анткени биз деле мамлекет, эл үчүн башыбызды сайып иштегенбиз. Элге айта турган, кайрыла турган көп нерселерибиз бар. Кеткен бийликти, кайсы бир саясатчыларга ушундай иштерди жүктөп койгон саясат бизде жүрбөшү керек. Бул туура эмес. Мага баарынан чындык маанилүү, кайда жүрсөм дагы чындыкты айтам», — деп баса белгиледи ал.

Оппозициянын билдирүүсү

Мурдараак президенттин сөзүнө Бириккен демократиялык кыймыл да реакция кылган. Алардын пикиринде, «президент Алексей Ширшовдун Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу ачыктан-ачык калп айтып, Ширшовдун кармалышына жана анын үй камагына чыгарылышына байланыштуу УКМК уюштурган афёраны калкалап жатат».

«[...] Жапаров Ширшов кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын, издөөдө жүрбөгөнүн айтып, коомчулукту атайылап адаштырган. Ширшов, айрыкча Максим Бакиевдин жакын адамы катары [...] менчиктештирүү учурундагы коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары боюнча көптөгөн кылмыш иштеринде жана сот өкүмдөрүндө кездешет [...]», — деп билдиришкен алар.

Оппозициянын өкүлдөрү Алексей Ширшов жасаган кылмыштарынын жазасын алышы керек, ал эми анын бийлик менен келишип алуусу актоого негиз болбошу керек деп эсептешет.

Тема боюнча окуңуз: Бириккен демократиялык кыймылы «Бакиевдерди реабилитациялоо аракеттери» болуп жатканын айтты

Садыр Жапаров: Максим Бакиевди «башыңан ылдый алтын куябыз» деп чакырсаңар да келбейт

«Коррупция менен күрөш ушулбу?». Жанар Акаев Ширшовдун үй камагына коё берилгенин сындады