Алексей Ширшов УКМКнын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды

Биринчи май райондук соту 11-майга караган түнү «Дастан» Транс улуттук корпорациясынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Басма сөз кызматтан УКМКнын өтүнүчүн канааттандырып, Ширшов 26-майга чейин үй камагына чыгарылганын кошумчалашты.

Ширшовдун кармалышы

УКМК Алексей Ширшов кармалганын 10-майда билдирген. Ал коррупцияга шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ширшов Ысык-Көл облусундагы «Аврора Плюс» эс алуу борборунун аймагындагы 56 кымбат баалуу батирди жана 27 коттежди мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири болгон.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул схемага Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле Президенттин аппаратынын, мамлекеттик Мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары тартылган.

УКМК Ширшов камакка алынганын маалымдаганда ал кайсыл жерден кармалганын тактаган эмес. Ширшов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып чыгып, Интерпол тарабынан издөөгө алынган. 2010-жылдын июнунда Убактылуу өкмөт Ширшовдун кайсыл жерде экени тууралуу маалымат үчүн 100 миң доллар төлөөгө да даяр болгон.

Kaktus.media басылмасы өздүк булактарына таянып, Ширшов акыркы бир нече айдан бери Бишкекте жүргөнүн айтууда.

«Ширшов Бишкекке жеке учак менен келип кетип турган», — деп айтылат басылманын маалыматында.

Энергетикалык тармактын «көмүскө кардиналы»

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү.

Ширшов электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана энергетика тармагындагы тендерлерди «өз кишилери» утуп чыккан коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күнгө чейин дагы иштеп жатканы айтылып келет.

Ширшов 2007-жылга чейин «Түндүкэлектрдин» жана «Электр станцияларынын» каржылык директору, андан соң 2007-жылдан 2010-жылга чейин «Дастан» ТУК ААКнын башкармалыгынын төрагасы болгон.

Ширшов Максим Бакиевдин эң жакын досторунун бири деп саналган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген.

Дагы окуңуз: MediaHub энергетика тармагындагы ири коррупция тууралуу иликтөө жарыялады