Депутат Малиев казино тууралуу мыйзам долбоорун жактап Курандан аят келтирди

Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында депутаттар биринчи окууда оюн-зоок жайлары тууралуу мыйзамды талкуулап жана жактырышты. Ага ылайык, казино, тотализатор, букмекердик контор жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштыруу сунушталган.

Талкуу учурунда депутат Арслан Малиев мыйзамды колдой турганын айтып, андан сон колуна Аль-Бакараны алып (Курандын экинчи сүрөөсү), 219-аятты окуп берди.

«“Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Ал экөөндө — чоң күнөө (бар). (Бирок), адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар” деп турбайбы мына. Ошон үчүн мен ойлойм, бул маселени [мыйзам долбоорун] негизи колдош керек, керек болсо, казинону эле эмес, марихуананы да легалдаштырууга убакыт келди. Эчак убакыт келген. Биз Ысык-Көлдө мурда эле опиум өстүрчү элек, унутуп калдык. Нефть, газ, токойсуз эле экономикалык саясат жүргүзүү үчүн бизге стандартсыз чечим керек», — деди ал.

Бирок эл өкүлү Курандын аятын окуп жатканда аягына чейин окуган жок.

Кыргыз тилиндеги толук аятты super.kg сайтынан көрсө болот: Анда төмөндөгүчө жазылган: «219-аят. Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Ал экөөндө – чоң күнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар. Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү чоңураак. (Эй, Мухаммед! ) Алар сенден (Алла жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. «Ашыкчасын!» – деп айткын. Алла силерге өз аяттарын мына ушундай баян кылат. Мүмкүн силер ой жүгүртөрсүңөр».

Курандын экинчи (Бакара) сүрөсү, 219-аят. Сүрөт: Муфтияттын басма сөз кызматы