Бишкек: «Ак-Ордо» конушунун тургундары курулушу бүтпөгөн жолдон улам митингге чыкты

Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагына караштуу «Ак-Ордо» конушунун тургундары 13-майда митингге чыгышты. Бул тууралуу «ПолитКлиника» басылмасы жазды.

Митингге чыккандар Лущихина көчөсүнүн курулушун кайрадан жандандырууну талап кылышты. Алар «Коррупцияга жол бербейбиз», «Ак-Ордо элине талапка жооп берген жол салынсын. Жолдун акчасын жегендер жоопко тартылсын» деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 2021-жылы жолдун курулушу боюнча тендер өткөрүлгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 28 млн сом бөлүнгөн. Тендерди 24 млн сом сунуштаган компания утуп чыккан, бирок жол курулуп бүткөрүлгөн эмес.

Жолдорду оңдоп-түзөө

Кыргызстанда жолдорду оңдоп-түзөө коррупциялык чырлар, бак-дарактарды кыюу жана көчөлөр узартылып өтө турган аймак боюнча талаш-тартыштар менен коштолот.

2021-жылы «Азаттык» үналгысы Бишкек бийлиги жолдорду реконструкциялоо үчүн дээрлик жарым миллиард сом бөлүп, бирок каражаттын жарымы ачык-айкын эмес сарпталганы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Мисалы айрым көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери башталып, бирок аягына чыкпай калган. Волков, Мессарош, Орхон жана башка көчөлөрдүн ремонтуна ондогон миллин сом бөлүнгөн.

Тема боюнча окуңуз: «Эки жылга созулган курулуш». Эмне үчүн Ысык-Көлдөгү жол бүтпөй атат?