Америкалык компания Кыргызстанга айыл чарба техникасын жаңылоого 50 млн $ берет

Американын машина куруучу John Deere компаниясы Кыргызстанга жеңилдетилген насыя аркылуу айыл чарба техникаларын алуу үчүн 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтен айыл чарба техникаларын жаңылоо долбоору боюнча меморандумга «Айыл Банк», Айыл чарба министрлиги, John Deere жана Евразия Групп компаниялары тарабынан кол коюлганын айтып беришти.

Ведомстводон Кыргызстанда парктын техникаларын жаңыртуу деңгээли төмөндүгүн, бул дыйкандардын түшүм алуусуна түздөн-түз таасир этип жатканын белгилешти.

«Айыл чарба министрлиги 2026-жылга чейин чарба техникаларын 10%га жаңыртуу максатын коюп жатат. Бүгүнкү келишим — коюлган максатка жетүүнүн биринчи эле кадамы», — деп келтирди басма сөз кызмат айыл чарба министри Аскар Жаныбековдун айткандарын.

Министрликтин маалыматына ылайык, John Deere компаниясынан техникаларды сатып алуу дыйкандардын өндүрүштүк жөндөмүн эки эсе жогорулатууга өбөлгө болот.