Ош аэропортунун кызматкерлери жетекчилик «кысымга алып жатканын» айтып чыгышты

Сүрөт: Тойчубек Борнбаев/Kloop

Ош эл аралык аэропортунун он чакты кызматкери 17-майда нааразычылык акциясына чыкты. Алар аэропорттун жетекчиси Арипжан Токуров тарабынан «кысым болуп жатканын» айтышууда.

Учуулардын коопсуздугун сактоо боюнча башчынын орун басары Жылдыз Токторбаева башка кызматка которулуп жатканына нааразы болуп, «жетекчи жумуш ордуларын бошотуу үчүн куугунтуктап жатат» дейт. Ал акыркы учурларда «негизсиз» текшерүүлөр жүрүп, бир нече кызматкерге эскертүүлөр берилгенин айтты.

«Аэропортко жумушка кириш өтө кыйын, ар бир орун чектелүү [...] Башка кызматтарга коё турган адамдарын коюп, ала турганын алып бүттү. Мен жетекчилик кызматта отургандыктан чет өлкөгө көп чыгам. Анан “мамлекеттик сыр камтылган документке тийешең бар” деп мени башка кызматка которгону жатышат. Биздин иште эч кандай мамлекеттик сыр камтылган документ жок», — дейт ал.

Токторбаева буга чейин аны штаттан тышкары иштеген укук коргоо органдары «чет өлкөгө мыйзамсыз чыгып жүрөсүз» деп суракка алганын белгиледи. Ал «мени кызматтан алуу үчүн күч колдонго чейин барып жатышат» дейт.

«Мен “эмнеге мыйзамсыз, өргүү маалында чыгам” десем, алар “сиздин чет өлкөгө чыкканга укугуңуз жок” дешти [...] Мен чет өлкөгө коммерциялык негизде чыгып жүрөм. Азыр тиричилик, айлыкка жашаш кыйын. Чет өлкөгө коммерциялык негизде окууга барам. Ошолорду жазып бергенмин. Жетекчилер буйрутма берип жатышат. Менин ишимен кемтик таппай, ошол жактан кысым кылып жатышат», — деди ал.

Аэропорттун өндүрүштүк диспетчердик кызматынын адиси Алтынбек Умаров жетекчилик кызматкерлерге бирдей мамиле кылбаганына нааразы болду. Ал өткөн жылдын аягында Бишкектен комиссия келип, жамаатты ынтымакка чакырып кеткенине карабай көйгөй чечилбегенин айтты.

Ошондой эле Умаров жетекчилик алмашкандан кийин бир нече диспетчер кызматтык эскертүү алганын белгилеп, Токторбаева алардын укугун коргогону үчүн «жетекчиликке жаман көрүнүп калды» деп кошумчалады.

Жетекчилик эмне дейт?

Аэропорттун жетекчиси Арипжан Токуров кызматкерлердин айткандарын четке какты. Ошондой эле аларга берилген эскертүүлөр «негиздүү» болгон деп билдирди.

Ал эми анын жардамчысы Эмил Ашымов Токторбаеванын азыркы кызматына «квалификациясы туура келбегендиктен» аны башка кызматка которобуз деп билдирди.

«Мен жетекчинин буйругунун негизинде кызматкерлерди текшергенимде Жылдыз Токторбаева керектүү билимди кийин окуп келгени белгилүү болду. Биринчи кызматка биолог катары келген. Азыркы ээлген кызматында иштегени туура эмес болуп калган [...] Атайын комиссия башка кызматка которуу боюнча чечим чыгарган», — деди ал.

Арипжан Токуров Ош аэропортунун жетекчиси болуп 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин дайындалган. Ал аэропортту 2012-жылы да жетектеп турган. Ал эми 2011-жылы жетекчинин орун басары болуп иштеген.