Бишкекте өспүрүм көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатындагы батирдин терезесинен кулап, каза тапты. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемеден кырсык 18-май күнү эртең менки саат 08:00 чамасында кабарланганын, окуя Каралаев көчөсүндө болгону айтылган.

«Кырсык болгон жерге милиция бөлүмү барган. Маркум 14 жаштагы өспүрүм бала экени аныкталган», — деп билдиришти РИИБден.

Милиция тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштап, тийиштүү экспертизаларды дайындаган.