Тоодо тапанча аткан 22 жаштагы кыз кармалды

Ички иштер министрлинин басма сөз кызматы тоодо тапанчадан ок чыгарган кыз кармалганын билдирди.

ИИМдин маалыматы боюнча, окуя мындан беш күн мурун Бишкек — Ош унаа жолундагы «Чычкан» капчыгайынын аймагында болгон. Аны таптанчадан ок чыгарып жаткан кыздын досу видеого тартып алган.

Бул факты Бишкектин Биринчи май РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө ок чыгарган Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну кармалды. Аны менен чогуу 37 жаштагы жаран дагы кармалып, милиция бөлүмүнө алынып келинип, тапанча ошого тийиштүү экени аныкталган.

Учурда юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү экспертиза дайындалды.

Буга чейин социалдык тармактарда тоолуу аймакта 20-25 жаштардагы белгисиз кыз тапанча атып жаткан видео тарап, коомчулукта талкуу жаралган. Айрымдары милициядан чара көрүүнү өтүнүшкөн болчу.

2020-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда тойдо ок чыгарган киши кармалган. Ал эл чогулган жерде «Нурик, родной, бактылуу бол!» деп кыйкырып, белгисиз тапанчадан асманга карай аткан. Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы бул окуяны «Ээнбаштык» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштаган.