Бишкек — Жалал-Абад авиакаттамы июлдан тарта күн сайын аткарылат

1-июлдан тартып Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек каттамы күн сайын аткарыла баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда кыргызстандык TezJet компаниясынын учагы Бишкектен Жалал-Абадга жумасына үч жолу — дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү — каттайт.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салган. Ал 2023-жылдын соңунда пайдаланууга берилмекчи.

Анда маалым болгондой өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында бардык аба майдандардын инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилерин билдирген.