Москвада сабалган 11 жаштагы кыз 2-июнда Кыргызстанга алып келинет

Маалымат 24-майда саат 10:20да жаңыртылды

Москвада туугандарынын колунда бала карап иштеп жүрүп сабалган 11 жаштагы кыз 2-июнда Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу Өзгөн коомунун төрагасы Алтынбек Маматасановго таянып 24.kg маалыматтык агенттиги жазды.

ТИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын октябрында кызды ата-энеси туугандарынын «кичинекей балдарын кароого жардам берүү үчүн» Орусияга жиберген. Ведомствонун билдирүүсүндө кызга күч колдонулганы айтылат.

«Өспүрүмдүн абалы канааттандыраарлык, визуалдык кароо боюнча кыздын көзүндө жана колдорунда көк ала тактар бар, ошондой эле ал психологиялык жактан басымга кабылганы байкалган», — деп билдиришти ТИМден.

Маалыматта Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери диаспоранын активисттери менен кыз жашаган жерге барып келишкени белгиленет. 

Маматасанов соцтүйүндөргө жарыяланган видеодо кызды өз үйүнө алып кетип жатканын айтты.

«Бул кыз өзү Өзгөн районунун Чаңгет айылынан болот. Чаңгеттин башчысы аркылуу [кыздын агалары менен] байланыштык. Алар бул жерде бойдок болуп, шарттары туура келбегендиктен өз кепилдигиме алып үйгө алып келдим. Менин кыздарым менен ойноп жатат. Анан бул кызды 2-июнда алып Кыргызстанга кетип жатам. Өзүм алып барып ата-энесине тапшырам. Ата-энеси менен дагы сүйлөшүүлөр болуп жатат. Буюрса бары жакшы», — деди Маматасанов.

Жогорку Кеңештин Москвадагы миграциялык кеңешинин өкүлү Сагынбай Расулов 24.kg’ге курган маегинде кыздын абалы жакшы экенин, бирок буту ооруп жатканын айтканын билдирди. «Бүгүн кызды медициналык корутунду алыш үчүн врачка көрсөтүшөт», — деди ал.Ал эми президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан жашы жете элек кыздын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факт Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө экенин билдиришти. Алар учурда кызды Кыргызстанга алып келүү боюнча документтер даярдалып жатканын тастыкташты.

Билдирүүдө кыз кабылган окуя боюнча «тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүп» жатканы да айтылат.