Бекешев: Чакан жана орто бизнеске үстөк пайызсыз насыялар берилип жатат

Өлкөдө 2022-жылдын февралынан тартып чакан жана орто бизнеске үстөк пайызы жок насыялар бериле баштады. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, насыя алам деген ишкерлер акыркы 8 айда төккөн салыгы тууралуу документтерди көрсөтүшү керек. Андан соң ишкер бир жарым жылга үстөк пайызсыз 1 млн сомго чейин насыя ала алат.

«Бул тууралуу билгендер аз болчу. Дагы бир келишим түзүлүп, анын алкагында 3 млн сомдон берилет деп жатышат», — деп кошумчалады Бекешев.

Эл өкүлү чакан жана орто бизнеске берилүүчү жеңилдетилген насыянын жол-жобосун толук айткан жок, бирок так маалымат алганда кеңири айтарын убада кылды.