Москвада курулушта иштеген кыргыз жараны каза тапты. Аны кран басып калган

Москвада курулуш аянтында эки кыргызстандыкты крандын жебеси басып калып, алардын бири каза таап, экинчиси жабыркады. Бул тууралуу Орусиянын «Московский Комсомолец» басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Нуртилек Русулбек уулу жеринде жан берген. Ал эми экинчи кыргыз жараны Диодуло Отожонов темир түзүмдүн алдынан чыгарылып, ооруканага жеткирилген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен «Клооптун» кабарчысына дипөкүлчүлүктүн кызматкери кырсык болгон жерге жөнөп кеткенин билдиришти.

«Элчилик кыргыз жаранынын өлүм жагдайларын жана себебин билиш үчүн Орусиянын укук коргоо органдарына жана Москванын Мамлекеттик эмгек инспекциясына кайрылуу жөнөттү», — деп белгилешти элчиликтен.

Тышкы саясий ведомство каза тапкан кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин да карап жатат. ТИМден маркумдун сөөгү медициналык экспертизалар жыйынтыкталып, тийиштүү уруксат кагаздары алынгандан кийин гана Кыргызстанга жөнөтүлөрүн кошумчалашты.