Бишкек: Панфилов паркындагы кафелердин биринде өрт чыкты

Бишкектин Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов сейил багында жайгашкан кафелердин биринде өрт чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ӨКМден «Панорама» кафесиндеги өрт эртең менен 7ге чукул чектөөгө алынып, саат 8:30 чамасында толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдашты. Учурда өрттүн себеби жана зыяндын өлчөмү такталып жатат.

Өткөн жылдын декабрь айында Чүйдүн Ысык-Ата районунда Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан кафеде өрт чыгып, кароолчунун 6 чармы метрлик бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Кафенин эки кызматкери окуя болгон жерде каза болгон.