Ошто ата-энеси күйөөгө берүүгө мажбурлаган кыз үйүнө кайтты, милиция иш козгогон жок

Архив, «Ак-Жүрөк» кризистик борбору. Сүрөт: Kloop

Ош шаарында ата-энеси турмушка берүүгө мажбурлап «Ак-Жүрөк» кризистик борборуна кайрылган кыз үйүнө кайтарылды. Ош ОИИБден бул фактыда кылмыштын курамы жок экенин айтышып, кыз арыз жазуудан баш тартканын билдиришти.

«Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова «Клоопко» билдиргендей, кыз борборго келгенден кийин туугандары бир канча жолу келип ызы-чуу салган. Алар «аны алып кетебиз» деп, борбордун кызматкерлерин «кызды бекитип отурасыңар» деп айыпташкан.

«Эгер ата-энеси, тууган-уруктары биле турган болсо, биз бул үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө, апасына абдан чоң жардам бердик. Биз кыздын өмүрүн сактап калдык. Себеби мындай учурда [жабырлануучулар] ар кандай жаман иштерге барганга даяр болот да», — деп белгиледи ал.

Ызы-чуулардан улам Асилбекова милицияга кайрылганбыз дейт. Кыз жазган арыз Ош ШИИБке катталып, тергелип жатканы айтылган болчу. Андан кийин иш Кара-Суу РИИБке өткөрүлгөнү белгилү болгон.

Бирок Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» аталган фактыда «кылмыштын курамы жок» деп билдирди. Ошондой эле «кыз арыз эмес, түшүнүк кат жазган» дейт.

Аширбаев тескерисинче кыздын апасы кызым жоголду деп арыз жазганын айтып, кризистик борбордун кызматкерлерин туура эмес билдирүү таратууга айыптады.

«Ошол кризистик борбордун адистери “ата-энеси зордуктап турмушка берип жатыптыр” билдирүү таркатып жиберген да. Бирок, иликтеп келгенде тескерисинче апасы милицияга “кызым дайынсыз жоголду” деп арыз жазып жатат [...] Ал эми апасы болсо “таанышып көр дегенибизден, мени зордуктап турмушка берип жатат деп качып кетти” деп айтты. Кыз азыр үйүндө, апасы алып кеткен», — деди ал.

14-майда ата-энеси тарабынан турмушка чыгууга мажбурланып жатканын айткан 18 жаштагы кыз Оштогу «Ак-Жүрөк» кризистик борборуна алып келинген.

Кыз каршы болгонуна карабай ата-энеси тойду 15-16-майга белгилегенин айткан. Ошол эле учурда аны эч ким менен байланыштырбай, телефонун алып коюшкан.

Ал милицияга арыз жазганы айтылып, борбордон психологиялык жардам алып жаткан болчу.

Кыргызстандагы аял-кыздарга карата зомбулук

Кыргызстанда кыздарды жакындары никеге турууга мажбурлашат же болбосо никеге туруу үчүн уурдашат. Көп учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринен майнап чыкпайт. Анткени иш жүзүндө жазага дээрлик эч ким тартылбайт.

Мисалы, 2021-жылы «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренелери боюнча 560 факты катталган.

Анын 82си гана сотко өтүп, 460 иш кыскарып кеткен. Калган иштер өндүрүштө экени айтылган.

«Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.

Анткени 2020-жылы аталган берене боюнча катталган 210 иштин 11 гана сотко өтүп, калганы кыскарып кеткен. Ал эми 2016-2020-жылы сотко жеткен иштерде 43 шектүүнүн 9у гана абак жазасына тартылган.

Кененирээк окуңуз: Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабыл болгон учурда кайрыла турган кризистик борборлордун даректери жана телефон номурлары:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.