2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстандын айылдарындагы бала бакчалар менен мектептерди оңдоо жана курууга 240 млн сомдон ашуун каражат бөлгөн. Курулуш жана оңдоо иштери бир жылда бүтүшү керек болчу, бирок пандемия башталып, мөөнөттөр узарып, сметаны инфляция жеп койгон. Арадан эки жыл өткөн соң «Клооп» өлкөнүн булуң-бурчтарын кыдырып, шаардык ЖМК жазбаган курулуштарды көрүп келди.

Кыргызстанда эки жаштан алты жашка чейинки 790 мин бала бар. Мыйзам боюнча, баары мектепке чейинки билим алууга укуктуу, бирок Улуттук статкомдун санагы боюнча, өлкөдө ар бир төртүнчүсү гана бала бакчага барат.

Анан калса да бул балдар жык толгон тайпалар. Мисалы, чоңдугу боюнча экинчиде турган Ош шаарында мамлекеттик бала бакчалардын үчтөн экиси нормадан ашык толгон. «Мол Булак» бала бакчасынын жогорку тайпасында 93 бала тарбияланат, ченем боюнча 30 эле бала болушу керек. Уктоо маалында бир керебетке экиден бала жаткырылат.

Айыл жергесинде абал мындан дагы начар: ал жакта ар бир бешинчи бала гана мектепке чейнки билим алат. Көпчүлүк жерде тарбиячылар кааласа дагы балдарды көп ала албайт — шарт жок. Кээ бир бакчалардын абалы аянычтуу, башка калктуу конуштарда бала бакча таптакыр эле жок.

Демөөрчүлөр жардам бергени менен инфляция тоскоолдук жаратууда

2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын айылдарында жаңы сегиз бала бакчанын курулушуна 152 млн сом бөлгөн.

Жергиликтүү жамааттар жана фонддор кошумча 22,5 млн сом чогулткан. Бул акчага 50 орундуу алты, 100 орундуу эки бала бакча куруу пландалган.

Жалданмачылар ишти бир жылда бүтүрүшмөк, бирок пандемияга байланыштуу объекттерди тапшыруу мөөнөтү жылып кеткен. Алсак, Ысык-Көл облусунун түндүк-батышындагы Талды-Суу айылындагы бала бакчаны бул күттүрүү аргасыздыкка түрткөн.

Алгач балдар үчүн кең жайлуу төрт бөлмөгө, тамактануучу жайга, актовый залга жана кир жуучу бөлмөгө жете тургандай 33,5 млн сом бөлүнгөн. Бирок курулуш учурунда кескин кымбаттап, смета дагы 13 млн сомго өсүп кеткен деп түшүндүрөт жергиликтүү бийлик. Жергиликтүү бюджеттен акча табылбай эки корпустун биринен баш тартууга туура келген. Натыйжада бала бакчанын орундугу элүүгө чейин кыскарган.

Ысык-Көл облусунун Талды-Суу айылындагы бала бакча: каражат эки корпустун бирөөсүнө гана жеткен. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Ысык-Көлдүн дагы бир башындагы Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында курулуш иштери жарым жылга эрте башталган. Ал жакта ошого жакын эле акчага — 36 млн сомго — 100 орундуу бала бакча курулган.

Ак-Сай айылындагы бала бакчанын короосу. Балдар аянтчасына майда көчөттөр тигилген. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Дагы беш жыл мурда, 2017-жылы, Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында ушуга окшош эле бала бакча болгону 26 млн сомго курулган.

2017-жылы курулган Тосор айылындагы бала бакчаны ичинен көргөндө кадимки эле үйдөй көрүнөт. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Баш жылда смета 30%дан ашык өсүп, эми болсо Бүткүл дүйнөлүк банк берген акча жетпей, башка булактарды караштырууга туура келүүдө. Мисалы, ошол эле Талды-Сууда жергиликтүү эл 500 миң сом чогулткан, «Кумтөр» компаниясы каржылаган Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 9,5 млн сом кошумчалаган, дагы бир миллионду жергиликтүү бийлик кошкон.

Ичи жайлуу жана жылуу

2022-жылдын мартында «Клооптун» ыктыярчылары бардык сегиз бала бакчага барып кайтышкан. Алардын алтоосу иштеп жатканына, оюн бөлмөлөрүндө балдар ойноп, уктоочу жайлары таптаза, ал эми жаңы ашканаларында ашпозчулар балдардын камын көрүп жатканына күбө болушкан.

Таластагы Атай Огонбаев айылындагы бала бакча. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Аба ырайынын катаалдыгына, ал эми мартта тоолордо кар эрий элегине жана өрөөндөрдү туман каптап турганына карабай бала бакчалардын ичи жылуу.

Бөрү-Баш айылындагы бала бакчанын керебеттери жазылып бүктөлөт, ар биринде экиден бала уктаса болот. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Имараттарды жылытуу — өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири. Айылдарда газ жок, үйлөр көмүр же электр энергиясы менен жылытылат. Бирок кышкысын электрге күч келгендиктен свет дайыма эки, үч, ал тургай беш саатка өчүрүлөт. Ошондуктан имараттарды жылуулоо абдан маанилүү, себеби сегиз бала бакчанын жетөөсү электр энергиясы менен жылытылат. Ал эми электр меши болсо андан бетер жакшы. Көбүнесе чоң бөлмөлөр тиричиликте колдонулган электр конвекторлору менен жылытылат.

Нарын облусунун Жерге-Тал айылындагы бала бакчага коюлган жаңы конвектор. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Жаңы бала бакчалар жылууланган: тыштарына пенопласт же минералдык кебез урулган, ал эми темир пластик терезелер өтмө шамалды киргизбейт. Бардык бала бакчалардын чатыры бирдей темир шыйпыр менен жабылган.

Нарын облусунун Жер-Көчкү айылындагы бала бакча сайдинг менен капталган. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Имараттардын ичи жупуну жасалган. Шыптар акталып, дубалдары боёлгон, полдоруна ламинат же линолеум төшөлгөн. Дубалдары балдардын түркүн түстүү сүрөттөрү менен кооздолгон.

Талас облусунун Макмал айылындагы бала бакчанын ашканасы. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Кызматкерлер килем, парда, шейшеп жана оюнчуктар сметага кирбесин, аларды өзүнчө сатып алууга туура келерин айтышат. Анткен менен алар балдарга зарыл болгон нерселердин баары бар деп ишендиришүүдө.

Эң башкысы — бала бакчалардын баарында ысык, муздак суу, ошондой эле жылуу душ, ажааткана жана кир жуучу машиналар бар. Өлкө айылдарынын жарымында мындай шарттар жок: өлкө боюнча миңдеген үйдө бүгүнкү күнгө чейин таза суу аккан түтүк жок, тургундар булактан же арыктан суу алууга аргасыз.

Бөрү-Баш айылындагы даараткана. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Талас облусунун Атай Огонбаев айылындагы бала бакчанын кир жуучу бөлмөсү. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Сапатын көрүп көңүлүң калат

Адатта тарбиячылар бала бакчанын ичин балдарга ыңгайлаштарып бергенге аракет кылышса, сыртынан караганда алардын көбү жакшы деле көрүнбөйт. Курулушчулар балдарга үстү тосук, отургуч, дөңчөлөр, муз жана кум аянтчалары бар оюн зоок бурчун коюп беришкен. Бирок короолоруна көчөт тигүүнү дээрлик эске алышкан эмес.

Айылдардын дагы бир көйгөйү — жолдор. Короонун ичтерине плитка жаткарылганы менен дубалдын сырты адам баса албагыдай ылай. Аба ырайы бузулганда бала бакчага машина менен барсаң болот, бирок баткак болбой жөө жетүү кыйын.

Жаңы бала бакчаларга мүнөздүү дагы бир нерсе — ар башка түстө сырдалган тосмолор. Талас облусундагы Кең-Арал айылы. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Курулуштун сапаты, жалданмачылардын ишиндеги тыкансыздык дагы кейитет. Алсак, Ысык-Көл облусунуна караштуу Бөрү-Баш айылындагы бала бакчага улай Бүткүл дүйнөлүк банктын акчасына кошумча корпус курулган. Жаңы курулуштуп отмосткасы ажырап, жарака кетип, пайдубалдын бетине чачылган текстура сыйрыла баштаган. Иштин баасы 11 млн сомду түзгөн.

Бөрү-Баштагы бала бакчанын фасады менен имараттын айлана куюлган отмостка бир кыш да чыдаган эмес. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Эки айылда, Ысык-Көлдүн Талды-Суу жана Нарындын Жер-Көчкүсүндө курулуш иштери 2022-жылдын март айына карата бүтө элек. Талды-Суудагы бала бакчаны жайында бүтүрүүнү убадалашууда, эгер бул убакта бүтүп калса, анда 2022-жылдын сентябрында балдарды кабыл ала баштайт.

Бала бакчалардын ашканалары бирдей жабдылган: буу чыгаруучу жабдыгы орнотулган меш, тоңдуруучу камерасы бар муздаткыч, идиш-аяк жана дат баспаган ашкана столдору коюлган. Маймак айылы, сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Эки бала бакчада капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.

Ысык-Көл облусундагы Калдык айылындагы бала бакчада чатыры, полу жана эшик-терезелери жарым жартылай алмаштырылып, тышкы жана ички дубалдары шыбалып, сырдалып, жылытуучу системалары менен суу түтүктөрү алмаштырырлып, жаңы сантехника коюлган.

Калдык айылындагы бала бакчанын архитекторлору оргиналдуу чечим табышкан. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Чүй облусунун Предтеченка айылындагы бала бакчада 2022-жылдын мартында оңдоо иштери бүтө элек болчу. Имараттын бирин-серин гана терезеси коюлуп, чатыры жабылган. Жалданмачылар менен келишим 2021-жылдын мартында түзүлгөн. Долбоордун сметасы — дээрлик 29 млн сомду түзөт.

Чүй облусунун Предтеченка айылында 29 млн сомго оңдолуп жаткан бала бакча толугу менен оңдоп-түзөлөт деп ишендиришүүдө. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Бакча менен эле чектелбей

Дүйнөлүк банктын грантына Чүй облусунун Ставрополовка айылында мектеп дагы оңдолгон. Ондоо иши дээрлик 17 млн сомго бүткөрүлгөн. Бул акчага жалданмачылар, «Бийик КЖ» ЖЧКсы жана AT Empire, мектептин чатырын жаап, электр зымдарын алмаштырып, дубалдарын шыбап, сырдап, жаңы эшик-терезе коюп, линолиум төшөп, жаңы конвектор орнотуп беришкен.

Чүй облусунун Ставрополовка айылындагы мектеп оңдоп түзөө иштеринен кийин. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Ал эми Нарын облусунун Оттук айылында «Баден-Сервис» компаниясы 6 млн сомго китепкана куруп берген. Буга чейин китептер бала бакчада сакталчу, кийин жергиликтүү клубга көчүрүлгөн, эми алар ыңгайлуу жана окуу залы бар жаңы имаратта турат. Чындыгында, дааратканасы сыртта. А бирок имарат электр энергиясы менен жылытылат.

Оттук айылындагы жаңы бала бакча кечкисин жана эс алуу күндөрү жабык. Сүрөт: «Клооптун» ыктыярчылары

Биз Оттук айылына келгенибизде китепканада балдар бар экен. Аларга жаңы имарат абдан жагат, балдар бул көп келип турууну каалашат, бирок китепкана дайыма жабык болот. Кире бериште иш убактысы илинүү — түшкү тамактанууга тынымды кошкондо саат 9:00 - 18:00гө чейин дүйшөмбү жана жума күндөрү иштейт. Бул иштеген же окугандар үчүн дайыма эле ыңгайлуу боло бербейт. Кечикисин жана дем алыш күндөрү жабык болот.

Муктаждык мүмкүнчүлүктөн жогору

Кыргызстанда соцобъектерди куруу үчүн каражат бөлүп аткан Дүйнөлүк банк менен жергиликтүү жамаатарды Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) байланыштырып турат.

Ал айылдык инвестициялар долбоорунун алкагында кайсы айылдар кошумча каражатка муктаж экенин жана аларды кайсы жакка багыттоо керектигин аныктайт — мектеп жана бала бакчаларды курууга же оңдоого, фельдшердик-акушердик пункттарды ачууга же айылдарды суу менен камсыздоого. АРИС болсо сынактарды өткөрүп, жалданмачыларды тандап, эгер эл аралык гранттар жетпесе өлкө ичинде демөөрчүлөрдү табууга жардам берет.

Акыркы кездерде АРИСтин дарегине, айрыкча Бүткүл дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө дагы 150 млн гранттык жана кредиттик каражат бөлүүнү убадалагандан көптөгөн сындар айтылган. Айрымдар АРИСти коррупцияга жана донордук каражаттарды жок кылууга айыптап, агенттикти донорлор, аткаминерлер жана жергиликтүү коомдоштуктардын ортосундагы керексиз «көпүрө» деп аташса, башкалары АРИСтен башка эч ким чоң көлөмдөгү долбоорлорду ишке ашыра албай деп коргошот.

Айылдык инвестициялардын учурдагы долбоору өлкө боюнча 150дөн ашуун объектини камтыйт. Биз алардын болгону 16сын гана текшерип, өзүбүз дагы мөөнөттөрдү үзгүлтүккө учуратуу, сметадан ашып кетүүлөргө жана курулуштардын сапатынын жогору болбогонуна күбө болдук.

Бирок биз сүйлөшкөң жергиликтүү тургундардын бири дагы нааразылыгын айткан жок. Алар кемчиликтерге көңүл деле бурушпайт, себеби аларга бала бакча жана мектептин салынганы эле чоң бакыт.

Бала бакча нөлдөн баштап курулган сегиз айылдын үчөөндө мектепке чейинки билим берүү мекемеси такыр эле жок болчу, дагы бир айылда бала бакча дээрлик талкаланып калган.

Өлкөдө балдардын жок дегенде жарымы мектепке чейинки билимге ээ болушу үчүн дагы 2000 бала бакча курулушу керек, буга эң эле жупуну эсеп менен алганда 70 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат.

Жергиликтүү коррупционерлер ушундай эле өлчөмдөгү каражатты уурдап айлантышканын эстебесең, аталган сумма ат көтөргүстөй туюлат: алсак, бир эле Матраимовдун аткезчилик империясы өлкөдөн кеминде нак 700 млн доллар чыгарып кеткен — бул дээрлик 60 млрд сом. Анан калса бул журналисттер казып чыга алган гана сумма.

2021-жылы атайын кызмат коррупция үчүн соттолгон Матраимовдон мамлекетке келтирилген зыяндын компенсациясы деп накталай 1,4 млрд сом алган — жада калса ушул акча деле ондогон бала бакча курууга жетмек. Ал акчага жок дегенде бир бала бакча курулдубу-жокпу белгисиз: УКМК да, Жапаровдун өкмөтү да «кустурулган» бул акча акыры кайда кеткенин айтпай койду.

Өлкөдө балдардын жок дегенде жарымы мектепке чейинки билимге ээ болушу үчүн дагы 2000 бала бакча курулушу керек, буга эң эле жупуну эсеп менен алганда 70 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат.

Жергиликтүү коррупционерлер ушундай эле өлчөмдөгү каражатты уурдап айлантышканын эстебесең, аталган сумма ат көтөргүстөй туюлат: алсак, бир эле Матраимовдун аткезчилик империясы өлкөдөн кеминде нак 700 млн доллар чыгарып кеткен — бул дээрлик 60 млрд сом. Анан калса бул журналисттер казып чыга алган гана сумма.

2021-жылы атайын кызмат коррупция үчүн соттолгон Матраимовдон мамлекетке келтирилген зыяндын компенсациясы деп накталай 1,4 млрд сом алган — жада калса ушул акча деле ондогон бала бакча курууга жетмек. Ал акчага жок дегенде бир бала бакча курулдубу-жокпу белгисиз: УКМК да, Жапаровдун өкмөтү да «кустурулган» бул акча акыры кайда кеткенин айтпай койду.

Материалдын авторлору: Саадат Төлөгөнова жана «Клооптун» Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы ыктыярчылары

Материал «Сорос– Кыргызстан» фонду тарабынан каржылаган «Эл аралык жардамдын мониторинги» долбоорунун көмөгү менен даярдалды. Материалдагы пикирлер жана корутундулар Фонддун пикири менен дал келбеши мүмкүн.