Бишкекте айым режиссёрлордун IV кинофоруму өтүп жатат

Бишкек шаарында 26-мада «Кыргызстан айым режиссёрунун IV кино форуму» башталды. Анда Борбор Азиядагы айым режиссёрлорунун тасмалары көрсөтүлөт.

Иш-чара «Азия Чыгармачыл Айымдарынын» коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Ага орусиялык режиссёр-документалист Галина Евтушенко, «Россия» кинофестивалынын директору Инна Демежко жана белорусиялык режиссёр-документалист Галина Адамович конок катары чакырылган.

«Кинофорумдун башкы максаты режиссёр айымдардын башын бириктирип, мотивация берүү болуп саналат. Жаш режиссёрлорду таанытуу жана колдоо көрсөтүү. Ошондой эле кыргыз киносун эл аралык деңгээлге таанытуу. Кыргыз кереметин түптөгөнгө салым кошкон, аты унутта калган айым режиссёрлорду даңазалап, алардын эмгектерин элге жеткирүү», — деп айтылат маалыматта.

Кинофорумдун ачылышы саат 11:00дон 16:00 го чейин «Манас» кинотеатрында өттү, 16:00дон 18:00го чейин Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө режиссёр Клара Юсупжанованын «Салам жайлоо» көркөм тасмасы көрсөтүлөт.

Юсупжанова бул тасманы 1977-жылы тарткан. Анда алыскы жайлоодогу малчылар менен чабандардын турмушу жана алардын татаал кесиби баяндалат.

Маалыматка караганда, быйыл кино форумга жалпы 40 ашык кино тасма келип түшкөн, анын ичинен 14ү тандалып алынган. Тасмалардын арасында кыргызстандык, өзбекстандык жана казакстандык айым режиссёрлордун чыгармалары бар.

Ал эми экинчи күнүндө кинофорумдун катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлүп, көрүүчүлөр режиссёрлорго кызыккан суроолорун берип, талкуу болот. Форумдун акыркы күнүндө режиссёр Галина жана Анна Евтушенко масстер-класс өтүшөт.

Форумда Кыргызстандын киноиндустриясындагы алдыңкы айымдары Төлөйкан Исмаилова, Гүлмира Керимова, Гүлбара Төлөмүшова жана Дальмира Тилепбергенова спикерлик кылат.

Биринчи жолу аталган кинофорум Кыргызстанда 2016-жылы 17-декабрда өткөн. Бул форум кыргыз айым режиссёрлордун башын бириктирген жогорку деңгээлдеги иш-чара болгон.

Аталган форумдун уюштуруучусу белгилүү кино режиссёр Асел Жураева. Ал 2013-жылы Айгерим Бирназарова менен биргеликте «Азия Чыгармачыл Айымдарынын» коомдук фондун түптөгөн.

Аталган фонд «Кыргызфильм», Tazar Cinema Company кинокомпаниялары жана аялдардын укугун коргогон уюмдар менен тыгыз кызматташып келет. Мындан сырткары, фонд буга чейин 25тен ашуун режиссёрлордун тасмаларын тартууга көмөк көрсөткөн.