Путин чокусундагы Украинанын желеги. Милиция альпинисттерди суракка чакырды

Ак-Суу капчыгайындагы Путин чокусуна орнотулган Украинанын желеги тууралуу кабарлаган альпинисттерди милиция суракка чакырды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Милиция токойчуну суракка алды. Ал 24-майда 18:30да Путин чокусуна бараткан эки альпинистти көргөнүн айтып берген. Милиция алардын өздүгүн аныкды. Алар кубө катары суралып, желекти чокуга чыккандан кийин көрүшкөнүн айтышкан», — деп билдиришти в ОИИБден.

Милициядан иштин жагдайлары аныктап жатышканын кошумчалашты.

Буга чейин альпинисттердин бири соцтүйүндөргө видео жарыялап, Кыргызстандын тоосундагы Путин чокусуна белгисиз альпинисттер Украинанын желегин коюп кеткенин билдирген.

«Эгер дүйнөдө Путин чокусу менен Украинанын желеги бар болсо, анда алар сөзсүз жолугушат. Бейбаштар коюп кетишиптир, ким экенин билбейбиз», — деп жазылган видеонун баяндамасында.

Ал 25-майда РИИБден паспортунун сүрөтүн алып калышканын, ал эми өнөктөшүн суракка чакырышканын билдирген.

Украинадагы согуш жана Путин чокусу

Путин чокусу деңиз деңгээлинен 4 446 метр бийиктикте, Бишкектен анча алыс эмес Ак-Суу капчыгайында жайгашкан.

Чокуга 2011-жылы Орусиянын президенти Владимир Путиндин ысымы ыйгарылган.

Аты жок чокуга Путиндин ысымын ыйгаруу 2010-жылдын декабрында сунушталаган. Депутаттардын сунушу өкмөттө колдоо тапкан. Ошол эле жылдын 24-декабрында премьер-министр Алмазбек Атамбаев Тянь-Шандын чокуларынын бирине «Владимир Путиндин чокусу» деген географиялык ысымды берүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон.

Ал эми 2011-жылдын февралында парламент өкмөттүн демилгесин колдоп берген.

Орус аскерлеринин Украинага толук алкактагы кол салуусунун шартында ар башка өлкөлөрдүн активисттери Украинаны колдоп акцияларды, митинг жана пикеттерди уюштуруп келишет.

Активисттер Бишкекте дагы митингдерге чыгып, украин элине колдоосун билдирип, согушка каршы ойлорун айтышкан. Кыргызстан Орусия менен Украинанын согушунда расмий бейтарап позицияны карманууда, бул тууралуу өлкө бийлигида айтып келет.