Кыргызстанда кумшекерди экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселеси каралат

Кыргызстанда кумшекерди экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселеси каралат. Мындай тапшырманы тиешелүү ведомсвтолорго минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев берди.

Минкабдын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 27-майда Төрөбаев соода түйүндөрдө канттын жетишсиздигинен улам «Кайыңды-Кант» заводуна барган.

Буга чейин минкаб заводдо чийки зат менен камсыздоого байланышкан маселелерден улам өндүрүш бир нече күнгө токтоп калганын белгилеген. Бирок азыркы тапта Кыргызстанга кант камышынын сырьёсун жеткирүү башталды.

«Учурда завод ишин жандантты, ишкана өлкөнүн соода тармактарына суткасына 550 тонна кумшекер жөнөтөт», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Ошондой эле минкабдан буга чейин рынокту кант менен толтуруу жана ата мекендик заводдордун өндүрүштүк кубаттуулуктарын пайдалануу максатында 105 миң тонна бажы алымсыз кумшекерди жана чийки кантты жеткирүүгө квота бөлүү маселесин иштеп чыкканын кошумчалашты.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, анын ичинен Айыл чарба министрлиги ата мекендик кант заводдоруна 49 миң тонна чийки кант бөлгөн.

«Калган көлөмү Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен жеке ишканалардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Жеткирип берүү боюнча келишимдер түзүлөт. Кумшекер республикага келет», — деп белгилешти минстрлер кабинетинен.

Басма сөз кызмат Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына таянып, кант заводдору менен ири соода түйүндөрүнүн ортосунда кумшекерди сатуу боюнча келишим бар экенин белгилешти.

Ага ылайык, акция менен бир кишиге суткасына жеңилдетилген чекене баада 1 кг кумшекер 79 сомдон сатылат. Ал эми 1 кг ашык сатып алууга 85 сомдон баа коюлган.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев тиешелүү ведомстволорго өлкөнүн соода аянтчаларындагы кумшекердин баасын көзөмөлдөөнү жана чийки затты өз убагында камсыздоону тапшырды.

Буга чейин минкаб 1-апрелден тарта өлкөгө импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасын белгилеген.

Минкабдан кошумчалашкандай, мындай чара жылдын аягына чейин бекитилген.

Баалардын өсүшү

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы Украинадагы согуштун, Орусияга каршы эл аралык санкциялардын жана доллардын куну өскөн шартта кымбаттай баштаган.

Мындан тышкары, азык-түлүктүн баасына Орусия дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого тыюу салганы да таасир эткен. Мындай чечимди орус бийлиги өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокту коргоо максатында кабыл алган. Чектөө 2022-жылдын жай мезгилинин аягына чейин киргизилген.

Биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын жасалма таңкыстыгына жол бербөө максатында Бишкектин «Глобус» жана «Фрунзе» ири гипермаркеттери азык-түлүк өнүмдөрүн сатууга чектөөлөрдү киргизишкен.