Бишкекте бейтааныш кызга кол көтөргөн киши тил каттын негизинде бошотулду

Бишкектин Октябрь райондук милициясы кызга кол салууга шектелген кишини кармап, бирок кийин экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин деген жүйөө менен бошотту. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматына таянып «Кабар» агенттиги жазды.

Буга чейин Бишкектин тургуну ага 12-кичи райондогу супермаркеттердин биринде белгисиз киши кол салганын айтып чыккан. Жабыркаган кыздын айтымында, кол көтөргөн киши тоноого да аракет кылган.

«Менин колумда [банктык] картадан башка эч нерсе жок болчу, муну көрүп ал бетиме күчүнүн барынча дагы бир жолу урду. Мен теңселип, жыгылып калайын дедим, бетимди басып алып ыйлап, токтотуусун сурандым, ал мени өлтүрөм деп коркутту. Андан кийин мени жеткирген таксинин айдоочусу чуркап келип, аны тынчтандырууга аракет кылды. Дене-боюм калтырап, жардам суроого акыбалым келген жок», — деп жазды ал, ошол эле күнү милицияга кайрылганын кошумчалап.

Октябрь РИИБнен бул факт маалыматтык каттоо журналына жазылып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган жана алган жараатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдиришти.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган адам кармалганын, «тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң», экспертизанын корутундусу даяр болгонго чейин, тил каттын негизинде бошотулганын белгилешти.