Ош жана Жалал-Абад облустарында 30дан ашуун турак үйдү сел каптады

Нөшөрлүү жамгырдан улам 27-28-май күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 27-майда Ош облусунун Өзгөн районунун Кош-Этер айылында ички жолдорду суу каптап, тургундардын турак жайларына кооптуу абал жаралды. Айыл тургундары тууган-туушкандарына көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, сел суулары Чечебай айылындагы 20 турак үйдүн короосун каптаган.

ӨКМдин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунда 28-майда 17 турак үй, 1 көп кабаттуу үй, ошондой эле 5 мамлекеттик жана 3 жеке менчик объектилерди сел каптаган. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн 50 куткаруучу тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепетинен жабыркагандар тууралуу маалымат берген жок.