1-июлдан тартып энергетикалык суусундуктарды өндүрүү жана импорттоого салык салынат

1-июлдан тартып Кыргызстанда ТЭИ ТН 2202 товардык позициядагы сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү жана импортоого акциздик салыгы салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

*ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына суулар, анын ичинде кумшекердин же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыт берүүчү кошулмалары бар минералдык жана газдалган суусундуктар кирет.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, акциздин баасы 1 литр үчүн 10 сомду түзөт.

«Организмге сергитүүчү таасирин камсыз кылуу үчүн жетиштүү санда кофеинди жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган атайын багыттагы алкоголсуз суусундуктар сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар болуп саналат», — деп айтылат Салык кызматынын сайтында.