Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөк пулун көбөйтүүгө 1,2 млрд сом бөлүндү

Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулду көбөйтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча 1,2 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу 1-июнда социалдык өнүктүрүү жана эмгек минстри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Базарбаевдин эсебинде, Кыргызстан боюнча 300 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарынын жөлөк пулу жогорулайт. Ал каражат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бөлүнгөнүн кошумчалады.

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын аягына карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда 106 миң социалдык жактан корголбогон, аз камсыз болгон жана оор шарттагы үй-бүлө бар. Аларда 340 миңден ашык бала жашайт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын башына карата өлкөдө 18 жашка чейинки жалпы 2 млн 555 миң бала бар.