Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин мүчөлөрүн көзү менен тыйып, депутаттын суроосун жоопсуз калтырды

2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Ата округунан шайланган депутат Акбөкөн Таштанбековдун Кант авиабазасы жылына канча акы төлөйт деген суроосу жоопсуз калды.

УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Камчыбек Ташиев бул боюнча маалыматы жок экенин айтып, министрлер кабинетинин башчысы жана финансы министри гана жооп берээрин билдирди.

Ал арада Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сөзгө аралашып, финансы министри бар экенин эске салып, Таштанбековдун суроосуна жооп берип коюусун суранды.

Бирок УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин өкүлдөрүн көзү менен тыйып, жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Кант аскер базасы

Орусия Кыргызстан менен 2003-жылы 15 жылга келишим түзүп, Жааматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында Кант шаарында авиациялык базаны негиздеген.

Анын негизги максаттарынын бири — бул региондогу коопсуздукту камсыздоо үчүн орусиялык аскерлерди жайгаштыруу болгон.

Кыргызстандагы орусиялык бириккен базага бир нече объекттер кирет: Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы аскердик сыноо базасы, Чалдыбар айылындагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суу шаарындагы сейсмикалык пункт.

Базаны колдонуу жөнүндө документ «Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы курама орусиялык аскер базасынын Кыргыз Республикасынын аймагында болушунун абалы жана шарттары жөнүндө макулдашуу» деп аталат, ал 2012-жылдын 20-сентябрында дагы 15 жылга келишим түзүлгөн.

Документке ылайык, Орусия жердин ар бир чарчы метри үчүн 50 цент же 0,5 доллар төлөгөн. Ошентип, ижаранын жалпы суммасы 4,5 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул макулдашуу пункту 5 жылдан кийин гана күчүнө кирген – 2017-жылдын 29-январында.

2016-жылдын декабрь айында, Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп турганда, келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин, орус аскерлери өлкөдөн «чыгып кетүүсү зарыл» деп айткан. Анын айтымында, республика «өзүнүн аскер күчтөрүнө» таянышы керек.

Орусиянын аскер күчтөрүнө авиабазаны берүү жөнүндө келишим 2018-жылы бүтмөк.

Андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылдын 28-февралында Атамбаев менен болгон жолугушууда, эгер кыргыз тарап өздөрүнүн куралдуу күчтөрүн жетишээрлик деңгээлде түптөп алып, аларга орус базасы керек эмес экенин айтса, анда орус аскерлери «ошол эле күнү» чыгып кетишээрин билдирген.

«Бизге аскердик контингентти жайгаштыруунун эч кандай зарылчылыгы жок. Бул Кыргызстандын өзүнүн коопсуздугу менен гана байланышкан» — деген ошол учурда Путин.

Ал эми 2020-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков орусиялык аскердик базанын Кантта жайгашуусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койгон.