Ташиев Самыйкожонун суроосуна: Мага эч ким көрсөтө албайт, көрсөткүчө эле колун сындырып коём

Депутат Мирлан Самыйкожо парламенттин 2-июндагы жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, эл арасында «Ташиев келип Жогорку Кеңешти талкалап кетип жатат» деген сөздөр тарап жатканын айтты.

Самыйкожонын айтымында, бүгүн «Бүгүн Ташиев келет, депутаттар ордуңарга отургула» деген кат тараган. Мындан улам ал Жогорку Кеңештин орду тууралуу суроо узатты.

«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиз баарын бетке айталы деп жатпайсызбы. Туура, бетке айтышалы, эртеңки өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн жакшы болот. Элде мындай таасир болуп калат экен, сиз келип дайыма Жогорку Кеңешти урушасыз. “Колуңду сындырам”, “Жонуңа жүктөп кел”, “Токтоткула” деген сыяктуу сөздөрдү айтып койгон сайын… Бул эми сиздин мүнөзүңүздүр, айта турган кебиңиздир. Эл түшүнүп калат экен да, “Жогорку Кеңешти Ташиев келип талкалап кетти” дей берет экен. Жогорку Кеңеш кандай орган? Чындап эле, сиздер келип урушсаңыз башыбызды чүмкөп отура турган органбы же өзүбүздүн максатыбызды, оюбузду айта турган органбы?» — деди Самыйкожо.

Аны менен катар, депутат минкаб менен Жогорку Кеңештин ортосунда ажырым пайда болгонун белгилеп, бул жагдай жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн депутаттарга жасаган мамилесинен көрүнүп турганын кошумчалады.

«Бир мисал, Кочкор районунун акими бүгүнкү күнгө чейин ошол жерден бир бөлмө берип, эл менен иштеп жаткан менин адисимди камсыз кыла албай жатат. Ары түртүп, бери түртүп, кирсе чыгарып койот экен. Башка дагы бир мандаттуу округдан келген депутаттардын иштери сокурга көз бүткөндөй көрүнүп атат», — дейт ал.

Ал эми Ташиев анын айткандары бардык депутаттарга тиешелүү эместигин белгилеп, депутаттарды факты менен сүйлөөгө чакырды. Ошондой эле атайын кызматтын башчысы «бизге кандай мамиле болсо, биз да ошондой мамиле кылабыз» деп эскертти.

«Сиз айтып жатпайсызбы, колуңду сындырам дедиңиз деп. Мен сага көрсөтөм деп жатса эмне деп айтышым керек? Ыя? Дагы бир жолу айтайын, мага эч ким көрсөтө албайт, мени көрсөткүчө мен анын колун сындырып коём. Дагы кайталайм. Бирок, бул сизге тиешелүү эмес, урматтуу депутаттарга тиешелүү эмес. Урматтуу депутаттар, факты менен сүйлөңүздөр, биз жооп бергенге, аткарганга даярбыз. Сизди бекинип ал, чүмкөнүп ал, Мирлан качып кет деген сөз жок бул жерде», — деп жооп кайтарды Ташиев.

Жогорку Кеңештин ушул эле жыйынында Камчыбек Ташиев «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен кайым айтыша кеткен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Мадумаровду «биринчиден колуңду сындырам» деп, андан кийин «камайм» деп коркуткан.

«Урматтуу эмес Адахан Кимсанбаевич, мен мына фактыларга келип жатам. Шашпай туруңуз, азыр айтып берем. Ким менен, кайсыл жерде, эмне кылып жүргөнүңүздү. Кайсыл контрабандист сизге, кайсыл жерде аш кылып берип жатканын азыр айтам», — деген ал.