УКМК Профсоюздар федерациясынын экс-башчысы Мирбек Асанакуновду кармады

УКМКнын кызматкерлери Профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновду жана анын В.М. аттуу орун басарын коррупцияга шектеп кармашты. Бул тууралуу 1-июнда ведомствонун басма-сөз кызматы билдирди.

Мирбек Асанакунов.

УКМК Асанакуновдун башка жооптуу адамдар менен корупциялык кутумга барганы, натыйжада 5,7 млн сомдон ашуун суммадагы ишенип берилген мүлк жок болгону аныкталганын билдирди. Ошондой эле тергөө «жеке баюу максатында кыймылсыз мүлк жана финансылык каражаттарга карата мыйзамсыз иш аракеттердин башка фактыларын» дагы аныктаган.

«Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө [Асанакунов] КПФнын төрагалыгына шайлануу максатында бул кызматка шайлоодо коюлган талаптарга жооп берүү үчүн эмгек китепчесине керектүү жазууларды жасалмалаганы аныкталды», — делет УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат Асанакуновдун үйүнүн жертөлөсүн тинтүү учурунда майнинг ферма да табылганын, ферманын мыйзамдуулугу тергөөнүн алкагында текшерилерин кошумчалады.

Коррупцияга шектелип кармалган Асанакунов жана анын орун басары УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

«Бул кылмыш ишинин алкагында аныкталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар бардык адамдардын бетин ачууга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлөт», — деп билдиришти УКМКдан.

Мирбек Асанакунов 2017-жылдан 2020-жылдын 5-февралына чейин Кесиптик кошуундар федерациясын жетектеп турган. Бирок кийин ал жалган документ жасоого айыпталып, анын ордуна төраганын орун басарынын милдетин аткарууга Рысгүл Бабаева дайындалган.

Ал кызмат ордун бошотуп берүүдөн баш тарткан — ККФнын кеңеши ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошкон. Алар болуп жаткан көрүнүштү Асанакуновдун аялы Гүлкан Молдобекова депутат болгондугу менен байланыштырышкан. Учурда ал «Альянс» партиясынан депутат.

Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес, Кесиптер кошуунунда Асанакунов тарабынан кысым болуп жатканы тууралуу бир нече жолу айтылган. 2020-жылдын октябрь айында өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Асанакунов кресло үчүн күрөшүн күчөткөн.

2020-жылдын 25-декабрында Кесиптик кошуундар федерациясында эки кезексиз съезд өтүп, анда эки башка федерация башчысы дайындалган — биринде Мирбек Асанакунов, экинчисинде Сагын Бозгунбаев шайланган.

Бозгунбаев Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясынын башчысы катары Юстиция министрлигинде катталган. Бирок Асанакуновдун тарапташтары жаңжал чыгарып, ага иштөөгө мүмкүндүк беришпей, айрым маалыматтар боюнча Бозгунбаевди иш бөлмөсүнө да киргизбей коюшкан. Мындан кийин соттук тирешүүлөр башталып, «асанакуновчулдар» митингдерди уюштурушкан.

2021-жылдын 6-февралында Бишкектин административдик соту Мирбек Асанакуновдун Сагын Бозгунбаевди Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагалыгынан четтетүү тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

Ал эми 2022-жылдын 8-апрелинде Профсоюздар федерациясынын жыйыны өтүп, КПФнын төрагасы болуп Эмил Кызаев шайланган.