Чүй: Мектепте окуучуларга чагылган тийип, 13 жаштагы өспүрүм каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Токмок шаарындагы №3 мектептин спорт аянтчасына чагылган түшүп, 13 жашар өспүрүм кыз каза тапты. Бул маалыматты «Клоопко» Чүй ШИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, чагылган үч окуучуга тийген. Өспүрүм кыз жеринде каза тапкан. Ал эми дагы эки окуучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Саламаттык сактоо министрлигинен «Клоопко» 3-июнда эки окуучунун абалы жакшырып, үйлөрүнө чыгарылганын билдиришти.

«Окуучулар кечээ жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Абалдары канааттандырарлык болчу. Бүгүн эрте менен абалы жакшы болгондуктан ата-энелери үйлөрүнө алып кетишти», — деп билдиришти министрликтен.

2020-жыллдын июль айында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагына чагылган түшүп, 13 жашар бала каза тапкан. Маркум аталган аймактагы Миялы айылында мал кайтарып жүргөн кезинде ага чагылган тийген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суу районунда 13 жаштагы балага чагылган тийип каза тапты