Чек арадагы жаңжалда жарадар болгон эки аскер Бишкекке алып келинди

Баткендин Булак-Башы аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жарадар болгон эки чек арачы Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борборго алып келинген аскерлер керектүү жардам алуу үчүн ооруканага жаткырылды.

3-июнда Баткенге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев учуп барган. Ал президенттин тапшырмасы менен жарадар болгон аскерлерден кабар алганы келгенин айткан.

«Бишкектен ондогон дарыгерлерди алып келдик. Жарадар болгон аскерлерди Бишкекке алып кетиш үчүн атайын учак менен келдик», — деген Ташиев.

Ал кыргыз-тажик аскерлеринин ортосунда чыр-чатак жайлоо талаштан улам чыкканын белгилеген.

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда ок атышуу катталган. Анын кесепетинен Каргызстандын эки аскери жаракат алганы айтылган.

Маалыматка ылайык, райондун Булак-Башы жерлигинде тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Алар кыргыз чек арачылардын аймактан чыгып кетүү талабына баш ийбей ок чыгарган.

Мындан улам эки тараптуу ок атышуу катталып, «тажик тарап миномётторду колдонгону» айтылган.

Маалыматка ылайык, саат 14:07де ок атышууну токтотуу боюнча буйрук берилгенине карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.

Кырдаалды турукташтыруу максатында жерине Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкамалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барган.

4-июнда УКМКнын Чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин билдиришти.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки аскер жарадар болду, бирөөнүн абалы оор