Чек ара кызматы: Баткенде ок атышуу катталды, тажик тарап миномёт колдонду

Иллюстративдик сүрөт

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда ок атышуу катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, райондун Булак-Башы жерлигинде тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Алар кыргыз чек арачылардын аймактан чыгып кетүү талабына баш ийбей ок чыгарган.

Мындан улам эки тараптуу ок атышуу катталып, «тажик тарап миномётторду колдонгону» айтылды. Алдын ала маалымат боюнча, кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок.

Кырдаалды турукташтыруу максатында жерине Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкамалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров чыгып кетти.

Чек ара кызматынан телефон аркылуу ок атышууну токтотуу макулдашылганына карабастан, «тажик тарап ок атууну токтотпой жатат» деп белгилешти. Саат 13:00гө карата ок атышуу токтогон жок.

Кыргызстан тажик тарапты тезинен ок атууну токтотууну талап кылды. Болбосо «Чек ара кызматы жооп-чараларын кайтарууга укуктуу» деп белгилешти.