Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки аскер жарадар болду, бирөөнүн абалы оор

Баткен облусу. Сүрөт: Kloop

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки аскер жарадар болгонун билдирди. Алардын бири «оор» абалда, биринин абалы «канааттандырарлык».

Министрликтен учурда алар Баткен облустук ооруканасында экенин, диагноздору тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин айтышты. 

«Жеринде Баткен ОИИБдин 2 тез жардам бригадасы иштеп жатат. Баткен облустук бириккен ооруканасында бардык кызматкерлер күчөтүлгөн режимге которулуп, кан, дары-дармектер жана медициналык буюмдардын керектүү запасы бар», — деп кошумчалашты ССМден.

Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматы Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан бир чек арасы жаракат алганын кабарлаган.

Мекемеден билдиришкендей, аскерге керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү.

Маалыматка ылайык, саат 14:07де ок атышууну токтотуу боюнча буйрук берилгенине карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда.

Ошондой эле тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча учурда ок атышуу токтоду.

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда ок атышуу катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, райондун Булак-Башы жерлигинде тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Алар кыргыз чек арачылардын аймактан чыгып кетүү талабына баш ийбей ок чыгарган.

Мындан улам эки тараптуу ок атышуу катталып, «тажик тарап миномётторду колдонгону» айтылды. Алдын ала маалымат боюнча, кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок.

Кырдаалды турукташтыруу максатында жерине Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкамалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров чыгып кетти.

Чек ара кызматынан телефон аркылуу ок атышууну токтотуу макулдашылганына карабастан, «тажик тарап ок атууну токтотпой жатат» деп белгилешти. Саат 13:00гө карата ок атышуу токтогон жок.

Кыргызстан тажик тарапты тезинен ок атууну токтотууну талап кылды. Болбосо «Чек ара кызматы жооп-чараларын кайтарууга укуктуу» деп белгилешти.