Абай Молдокматов башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп Абай Молдокматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 4-июнда кол койду.

Молдокматов 46 жашта. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.

Ал 2020-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары кызматын аркалаган. 2021-жылдын 12-августунан баштап башкы прокурордун биринчи орун басары болуп иштеп келген.

4-июнда президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жана башкы прокурор Курманкул Зулушевди ээлеген кызматынан убактылуу бошоткон.

Президент мындай чечимди Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу кабыл алып, Зулушев менен Бейшеналиевдин «жеке мамилеси эске алынганы» айтылган.

Ошондой эле чечим Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин «адилет кароону камсыз кылуу максатында кабыл алынганы» белгиленген.

Ал эми Зулушев президенттин буйругу боюнча комментарий берип, Жапаровдун кабыл алган ар бир чечими аткарылууга тийиш» деп билдирген.

«Президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт [...] Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келемин. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей!» — деген ал.

Анткен менен Садыр Жапаров өзү демилгелеген жаңы Конституциянын 70-беренесине ылайык, башкы прокурорду парламенттин макулдугусуз бошото албайт.

Тема боюнча:

«Талкууга жатпайт». Зулушев президенттин буйругу боюнча комментарий берди

«Жеке мамилеси эске алынды». Президент Бейшеналиев менен Зулушевди кызматынан убактылуу четтетти