Билим берүү министрлиги «Алтын тамга» аттестаты үчүн кайрадан тест тапшырылбасын билдирди

«Алтын тамга» сынагынын жыйынтыгынын негизинде республика боюнча 80 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу укугун тастыктады. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал жактан буга чейин кызыл аттестат алууга 2 232 бүтүрүүчү ат салышканын дагы кошумчалашты.

Билим берүү министрлиги «Алтын тамга» аттестатын алуу укугу ырасталбаган бүтүрүүчүлөргө кайрадан сынак өткөрүлөт делген маалыматты дагы төгүндөдү.

«Учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда (компьютер эсептеген упайларды кол менен эсептөө). Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат», — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.

Билим берүү министрлиги апелляцияны кароону тестти кайра тапшыруу менен теңебөөнү суранды.

Буга чейин «Алтын тамга» жыйынтыктоочу аттестациясына катышкан айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери сынактын жыйынтыгына нааразы экенин билдиришкен. Алар балдары сынакты кайрадан тапшыруусун талап кылышкан.

Ата-энелер балдардын көбү суроолор туура эмес түзүлгөндүктөн аттестациядан өтпөй калганын айтышкан.

«Алтын тамга» – бул өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга татыктуу мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырган тестирлөө.

Сынак 31-майда Бишкек шаарында жана облустук билим берүү борборлорунда өткөн. Ал жыл сайын өткөрүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн алган билимине көз карандысыз баа берет.