Видео: Садыр Жапаров курал колдонуу жөндөмүн көрсөттү

Президент Садыр Жапаров 4-июнда Бишкектин чет жакасындагы Улуттук коопсуздук комитетинин окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кийинчирээк басма сөз кызмат Жапаров аскердик куралдан бутаны атып жатканы тартылган видеосун жарыялады.

Өлкө башчысы борбордун ачылышындагы сөзүндө «бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ар бир мамлекет тыкыр байкоо салып жатканын белгиледи. Борбор Азия мейкиндигиндеги жана жалпы эле дүйнөлүк акыбалга жүргүзүлгөн талдоолор көрсөткөндөй, Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды нугунан чыгарып, туруксуздаштыруу ниетин көздөгөн эл аралык террористтик, диний экстремисттик уюмдар, баӊгизат трафигиндеги жана транс-улуттук кылмыштуу топтор мамлекетибиздин коопсуздугуна күтүүсүз коркунучтарды жаратышы толук ыктымал» деп белгиледи.

«Борбордун аймагында машыгууга, тиешелүү билимдерди арттырууга, ошондой эле кызматкерлердин узак мөөнөткө чейин жашап, кызмат кылышы үчүн бардык зарыл шарттар эске алынган. Аталган окуу борбордун курулушу бир жылда аяктады», — деп айтылат президенттин басма-сөз кызматынын билдирүүсүндө.