«Жогорку сот актаган». Жаркынбек Касымбеков ага козголгон чуулгандуу кылмыш иши тууралуу

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков ага козголгон кылмыш иши боюнча журналисттерге түшүндүрмө берип, Жогорку сот аны актаганын билдирди.

Чуулгандуу кылмыш иши

Жаркынбек Касымбеков 2015-жылы эмгек өргүүсүн негизсиз алып, Дубайга эс алууга учуп кеткени үчүн Бишкек шаардык тез жардам борборунун башкы дарыгери кызматынан бошотулган. Бирок Касымбеков ага карабай жумушка келгенин уланткан.

Ошол эле жылы тендерди мыйзамсыз өткөргөнү үчүн ага карата «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон. Анда Касымбеков тез жадрам борборунун кызматкерлерине 1 миллион 200 мин сомго комбинезон тиктирүү боюнча «Азиздер жана дүлөйлөр коому» менен келишим түзүп, бирок акчасын төлөбөй койгону айтылган.

Ал эми 2018-жылы сот Касымбековду күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айыпка жыккан. Бирок айыпталуучунун адвокаты Жогорку сотко арыз менен кайрылганын айткан. Бирок Жогорку соттон адвокаттын арызы карала электигин белгилешкен. Кийин иштен эмне менен аяктагы белгисиз бойдон калган.

Ошол кезде Касымбеков «Эл аралык Медицина Университетине» караштуу клиниканын жетекчиси болгон. Юстиция минитсрлигин ошол кездеги маалыматына ылайык, университеттин ректору катары ырчы Роза Аманова көрсөтүлгөн. Бул дагы коомчулукта талкуу жараткан.

Касымбеков эмне дейт?

Министрдин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков 2015-жылы ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун айтып, мунун артында «арам ойлуулар турат» деп эсептейт. Ал Бишкек шаардык тез жардам борборунда башкы дарыгер болуп иштеп жүргөндө дагы ушак-айыңдарды ошол эле «карасанатайлар» тараткан деген пикирде.

Касымбековдун айтымында, ал тез жардам кызматын жетектеп турганда ыкчам кызматтын өкүлдөрүнө алгачкы жолу бирдиктүү форма тигилген. Касымбеков анын аркасы менен Бишкек мэриясы тез жардам унаалары үчүн реанимобилдерди алганын белгиледи.

«Түсүн, “Тез жардам” деген жазуусун мен бекиткем. Мындай нерсе биринчи жолу болгон. Гуманитардык проект болчу, мамлекеттик бюджеттен бир тыйын корогон эмес. Донордук уюм менен келишим түзгөнбүз. Тигүү иштерин болсо азиздер уюмуна бергенбиз. Алар ишти абдан мыкты аткарышты. Ошол жерден акча уурдалган деп атышат. Мен эч нерсе албасам, кайдагы уурулук?» — деди ал Жогорку сот аны актаганын кошумчалап.

Аны менен катар, Касымбеков тез жардам кызматынын бюджетине көптөгөн тышкы инвестиция тартканын айтып, бул нерсе «карасанатайларга» жаккан эмес деген пикирде.

«Министрдин орун басары болгусу келип жанталашып атат деп ойлошуп, мени “чөктүрүп салууну” туура көрүштү. Иштен бошотуп, соттон утулуп калсын деп кылмыш ишин козгошту. Бирдиктүү форма тигилип жатканда кызматкерлерге сый акы бергем. Бирок бухгалтер эсеп учурунда математикалык ката кетирип алган экен», — деп билдирди министрдин милдетин аткаруучу.

Касымбеков 24.kg басылмасына курган маегинде «шылуун же аферист эмес экенин» белгилеп, аны далилдөө үчүн «жети жылы кеткенин» айтат.

Жаркынбек Касымбеков ким?

Жаркынбек Касымбеков. «Ынтымак» партиясынын басма сөз кызматы.

Жаркынбек Касымбеков 49 жашта. Медицина илимдеринин доктору. 1996-жылы Мамлекеттик медицина институтун аяктаган. 1998-жылы мамлекеттик медициналык академияда урология боюнча ординатураны окуган. 2004-жылы Президентке караштуу башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Акыркы 20 жылдан бери ар кандай кызматтарды аркалаган. 2014-2015-жылы Бишкектеги тез жардам кызматын жетектеген. 2017-2018-жылы «Эл аралык Медицина Университетинин» ректору болгон.

2021-жылы «Ынтымак» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Жаркынбек Касымбеков — «Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири. 2020-жылы октябрда Касымбеков өзүн «саламаттык сактоо министри» деп жарыялаган.

Касымбеков 24 kg басылмасына курган маегинде, 2020-жылы «кызматты басып алуу аракети же ою болбогонун» билдирген. Анын айтымында, 6-октябрда бийликте эч ким жок болгон учурда, мародёрлукка жол бербеш үчүн бир нече партия штаб түзүп, аны Саламаттыкты сактоо министрлигине жооптуу кылып дайындашкан.

Тема боюнча:

Министрлер кабинети: Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды