Азия кубогу-2023: Крестинин кыргыз курамасынын беттешке даярдыгы жакшы экенин айтты

Кыргызстандын футбол боюнча башкы тренери Александр Крестинин жана улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин 7-июнда маалымат жыйын курду. Алар футболчулардын Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдыгы тууралуу айтып беришти.

«Биз даярдык жакшы деп айта алабыз. Аткарылган иштер жана машыгууларды өткөрүүнүн сапатында маселе жок. Жалпысынан команданын даярдыгы жакшы», — деп белгиледи Крестинин.

Ал эми Кичин «команда ичинде атмосфера жакшы» экенин, футболчулар тандоо оюндарына «көңүлдүү маанайда» баратканын айтты.

«Күйөрмандарыбыздын алдында өзүбүздүн эң мыкты оюнду көрсөтүү үчүң [оюндардын башталышын] чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», — деп кошумчалады кураманын капитаны.

Кыргызстан курама командасы 8-июндан 14-июнга чейин Азия кубогу-2023 оюндарынын тандап алуу турунунун алкагында үч беттеш өткөрөт. «Ак Шумкар» 8-июнда Сингапур, 11-июнда Мьянма жана 14-июнда Тажикстандын курама командалары менен күч сынайт. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда, саат 20:00дө башталат.

2023-жылдагы Азия кубогуна 24 курама катышат. Алардын 13ү белгилүү болду. Кыргызстандын футболчулары калган 11 жолдомонун бирин алганга аракет кылышат.

Тандоо оюндарында жалпы алты тайпа бар. 11 жолдомону дал ушул топтун жеңүүчүлөрү, башкача айтканда, биринчи орунду алган жана статистикада мыкты оюн көрсөткөн командалар алат. Андыктан Кыргызстандын курамасы биринчи же экинчи орунду камсыздашы керек.

Бирок ошондой болгон учурда деле кыргыз курамасы Азия кубогунда ойнойт деген кепилдик жок. Себеби башка тайпаларда алдыга чыккан командалардын жалпы упайы жогору болуп калышы ыктымал.

Азия кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин Кытайда өтүшү керек эле, бирок өлкө бийлиги коронавирустан улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча турнир кайсыл өлкөдө өтөрү белгисиз.