Кара-Сууда ишкерден 114 миң доллар карактаган кишилердин иши сотко өттү


2021-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Кара-Суу районундагы 114 миң доллардан ашык сумманы карактаганга шектелип кармалган үч кишинин иши боюнча тергөө амалдары аяктап, сотко өттү. Ал эми аталган сумманын жоголушу боюнча милиция кызматкерине айып тагылды.

Ош облустук ички иштер башкармалагынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» азырынча каракталган акчанын дайынын белгисиз экенин айып, тергөө уланып жатканын белгиледи.

«Каракчылык учурунда жоголгон акчаны ким алганы белгисиз. Учурда айрым маалымат каражаттарында “акчаны милиция кызматкерлери өздөрү кымырып алган” деген чындыкка дал келбеген туура эмес маалыматтар таркап жатат. Бул жалган маалымат. Акчанын каракталышы боюнча милиция кызматкерине Башкы прокуратура тарабынан ишине шалаакы мамиле кылды деген айып тагылган. Бирок бул ал акчаны алды деген факт эмес», — деди ал.

Ошондой эле Аширбаев акча карактап, ишкерге тапанча такаган үч шектүүнүн иши сотко өткөнү боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

«Үч шектүүгө «Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо», «Каракчалык» жана «Күч колдонуу» айыптары боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлдү. Алар акчаны алганы факт, өздөрү да моюнга алышкан. Акча кара баштыкта болгон деп жатышат. Тергөөдө баштыктын ичинен акча табылган эмес. Бирок акча табылмайынча ал тууралуу тергөө иштери жүргүзүлө берет», — дейт басма сөз катчы.

Ал эми Башкы прокуратура «Турмуш» басылмасына Кара-Суу райондук прокуратурасы шектүүлөрдү кармоо учурунда 114 миң 250 доллардын жоголушу боюнча кылмыш иш козгогонун билдирген.

Кара-Суу РИИБнин ыкчам кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Урдоо» беренелери менен айып тагылып, ал үй камагына алынган.

Окуянын чоо-жайы

Ош облустук милициясы 13-декабрда Кара-Суу шаарында «куралдуу каракчылыкка» шектелип үч жаран кармалганын билдирген. Кара-Суу районунун Савай айылынын 39 жаштагы тургуну милицияга арыз жазган.

Анда ал кытай ишкерине таандык 109 миң доллар менен өзүнө караштуу 5 миң доллардан ашуун каражатын карактап кетишкенин айткан. Шектүүлөр кишиге курал такап, унаасын айдап качкан. Тоноп качкандан кийин алар «Дэу-Лачетти» унаасын толугу менен өрттөп жиберишкен.

Бирок шектүүлөр өз көрсөтмөсүндө акча салынган баштык башка нан салынган башка унаада болчу деп ишендиришкен. Ош облустук милициясынан баштыкта да, күйгөн унаада да акча же анын калдыгы табылбаганын айтышкан.

Жабырлануучунун айтымында, 13-декабрь күнү саат 09:50 чамасында Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө ага бейтааныш эки адам кол салган. Алар жабырлануучунун көкүрөгүнө тапанча такап, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын айдап качууга аракет кылышкан.

Облустук милиция тоноого шектелип мурда «Киши өлтүрүү» жана «Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо» беренелери менен эки жолу соттолгон 32 жаштагы Ш.М., мурда диний экстремизмге байланыштуу соттолгон 48 жаштагы А.У. жана мурда «Уурулук» беренеси менен соттолгон 46 жаштагы Р.Д. атту жарандар кармалганын билдирген.

Кийинчерээк шектүүлөрдүн адвокаты Динара Турдуматова журналисттерге окуя болгон күнү тартылган видео менен бөлүшкөн. Анын айтымында, тасмада баштыкты милиционер алып кеткени тартылып калган.

Бирок Ош ОИИБден милиционер акчаны кымырып алганы боюнча эч кандай далилдер жоктугун айтып келишет.