УБ Кыргызстандан акча которууларга көзөмөлдү күчөтүүнү пландап жатат

Улуттук банк мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга алып чыкты. Ага ылайык, башкы банк Кыргызстандан акча которууларга көзөмөлдү күчөтүүнү көздөйт. Белгиленгендей, документ «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүүнүн» алкагында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда эмнелер сунушталды?

Документте мыйзам долбоору акча которууларды жөнөтүүдө коммерциялык банктардын «кардарды талаптагыдай текшерүүсүнүн» талабын күчөтүү максатында иштелип чыкканы айтылат.

Негизги сунуштар:

  • Банктар тобокелдикке негизделген ыкманы колдонуу менен акча которууну жөнөтүүчүгө жөнөкөйлөтүлгөн же күчөтүлгөн текшерүү чараларын колдонот.
  • эгерде акча которуунун бир жолку суммасы 70 миң сомго барабар же андан (же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен) ашса, кардарды анкетаны толтуруу аркылуу текшерүү керек;
  • банктар эгер акча жөнөтүүчү/алуучу террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкан деген уюмдардын тизмегинде бар болсо, жөнөтүүчүгө акча которууну жөнөтүүдөн жана/же алуучуга акча которууну алуудан баш тартууга тийиш.
  • Жаңы мыйзам долбоорунун талкуусу 2-июлга чейин созулуп, андан соң кароого жөнөтүлөт.

Буга чейин Улуттук банк коммерциялык банктарга « кардарларды тейлөө сапатын жогорулатуу жана банктардын бардык бөлүмдөрүндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү» сунуштаган. Мындай чечим Кыргызстандыктардын коммерциялык банктардын тейлөө сапатына карата даттануулары көбөйгөндүктөн кабыл алынган.

Улуттук банктын жетекчилиги финансы рыногундагы, анын ичинде акча алмаштыруу бюролору жана Акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясын камтыган банктык кызматтардын кардарларынын укуктарын коргоону камыз кылуунун зарылдыгын дагы белгилеген.

Апрелде Орусиянын Украинага аскердик кол салуусунан жана андан кийинки санкциялардан улам доллардын курсу жогорулаган. Мындан улам Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн доллар валютасында акча которууларды берүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Тема боюнча: Улуттук банк каржы компанияларга өлкөдөн доллар алып чыгууга убактылуу тыюу салды

Материалдын автору: Лев Потапов.