Улуттук банк каржы компанияларга өлкөдөн доллар алып чыгууга убактылуу тыюу салды

Иллюстративдик сүрөт

Улуттук банк 12-мартта Кыргызстандын аймагынан АКШ долларды чыгарууга убактылуу тыюу салды. Бул чектөө коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына тиешелүү.

Мекеме мындай чечим өлкөдөгү «экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында» кабыл алды. Улуттук банктын токтому 11-март саат 17:30дан тарта күчүнө кирди.

Орусиянын Украинага куралдуу кол салуусунун шартында доллар кымбаттап, рублдун курсу кескин түшүп кетти. Буга бир катар батыш өлкөлөрдүн Орусияга каршы олуттуу экономикалык жана технологиялык санкцияларды киргизгени себеп болгон.

12-мартка карата бир доллар 104 сом, ал эми рубль 87 тыйын турат.

Буга чейин Улуттук банк эсептик ченди 10%дан 14%га чейин жогорулаткан. Чендин жогорулашы кредиттин кымбатташына жана депозиттердин көбөйүшүнө алып келет. Мекеме мындай кадамдарга «өлкөдөгү инфляциянын учурдагы динамикасына тышкы таасирлердин тийгизген терс зыянын азайтуу» максатында барганын түшүндүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз

Улуттук банк тышкы терс таасирлерди азайтуу максатында эсептик ченди 14%га жогорулатты