9 жашар баланын өлүмүнө байланыштуу «Ала-Тоо» аквапаркы убактылуу жабылды

Иллюстративдик сүрөт 

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркы 9 жашар баланын өлүмүнөн кийин убактылуу жабылды. Маалыматты «Клоопко» аквапарктын администрациясынан тастыкташты.

6-июнда Бишкектеги № 95 мектептин 3-классынын окуучусу Атай Аскат уулу «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен. Окуучуларды бассейнге мугалими менен эки ата-эне коштоп барган. Бирок баланын чөгүп жатканын алгач эч ким байкаган эмес.

Куткаруучулар менен медайым балага жасалма деп алдыруу жасаган. Бирок окуучу ошол жерде жан берген.

Атайдын апасы Асел Азыкова уулу бир айдан кийин 10 жашка чыкмак деп сыздап отурган чагы. Ал мектепте эс алуу уюштурулганда «куткаруучулар болот» деп айтышкандыктан уулум ишенип жибергенин айтат.

Аял окуяга мектеп директорун жана аквапарктын жетекчилигин күнөөлүү деп, аларды жазага тартууну талап кылууда. Анын айтымында, ошол күнү эс алуу жайында 200-300 бала болгонуна карабастан коопсузук каралган эмес.

«Эки жарым жылдан бери чоң оорууга кабылгам. Дарыланчумун. Ушул балам эле мага дем берчү [...] Эми ким жооп берет? Эмне үчүн ошончо баланы ал жакка алып барышты. Бала суудан калкып чыгып калганча эмне кылышты алар айтыңыздарчы?!» — деп суроо салган ал.

Учурда Октябрь РИИБи бул окуя боюнча «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Таянаар тоом жок эми». Аквапаркта чөгүп кеткен окуучунун апасы иликтөө жүргүзүүнү талап кылды